Жүрөк оорунун алдын алыш үчүн жасалган жети кадам. Адистин эскертүүсү

© Фото / Pexels / Pavel DanilyukЭлектрокардиограмма бөлүмүндө бейтап. Иллюстративдик сүрөт
Электрокардиограмма бөлүмүндө бейтап. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Дарыгер атеросклерозду текшерүү үчүн сөзсүз эле жүрөктү МРТга тарттыруу зарыл эместигин белгилеген.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Инфаркт менен инсультту алдын алыш үчүн атеросклерозду текшерип, кандын анализин тапшыруу биринчи кадам болуп саналат. Бул туурасында РИА Новости кардиолог-дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Анна Кореневичтин айткандарына таянып жазды.
Жогорудагы айтылган анализдердин жыйынтыгы менен кардиологго барып көрүнүү зарыл.
"Чындыгында азыр абал кыйын болуп турат. Тилекке каршы, Жер бетинде адамдар инфаркт менен инсульттан арбын көз жумууда. Капыстан эле кетип калып жаткандар кездешип жатат же майыптыкка кабылып калышууда", — деген Кореневич.
Дарыгер атеросклерозду текшерүү үчүн сөзсүз эле жүрөктү МРТга тарттыруу зарыл эместигин белгилеген.
Адис медициналык кароо төмөнкү жети кадамдан турганы дурус экенин айткан:
  • Тынч жаткан абалда жасалган ЭКГ;
  • Күч келтирип жасалган ЭКГ;
  • УЗИге жүрөктү, моюндун тамырларын, буттун артериясын, калкан бездерди, бөйрөк жана боорду тарттыруу;
  • Холтер мониторингин жасоо;
  • Кандын анализи;
  • Заарадан алынган жалпы анализ;
  • Биохимия.
Кореневич 40 жаштан кийин жана тукум кууган оору болсо же жүрөк ооруксунса медициналык кароодон мезгил-мезгили менен өтүп туруу зарылдыгын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0