Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүШаардын көчөсүндө кыз телефон менен бара жатат. Архив
Шаардын көчөсүндө кыз телефон менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Жекшембиге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 27-июнь күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0