Марипов патенттеги эскирген тизмени жаңылап, кайра иштеп чыгууга тапшырма берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЫктыярдуу патент. Архи
Ыктыярдуу патент. Архи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Патенттеги ишмердүүлүктүн тизмеси эскирип, көп түрлөрү өзгөрүлүп, жаңылары пайда болгондуктан аны алып иштөөдө бир катар татаалдыктар жаралып келет.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетиндеги Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында ыктыярдуу патентте каралган ишмердүүлүктүн түрүн көбөйтүү туурасында айтылды.
Бул сунушту аталган кеңештин мүчөлөрү киргизген.
"Чындыгында пантенттеги учурдагы тизме эскириптир. Азыркы кесиптердин көбү анда жок экен. Мындан улам өзүнчө иш алып барып жаткандар же патенттин башка түрүн алууга аргасыз болуп же такыр эле албай иштеп келет. Анын кесепетинен мамлекеттик бюждетке түшчү акчалардын көлөмү төмөндөп, көмүскө секторду көбөйтүп жатат", — деген министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.
Жыйындын аягында Марипов тиешелүү мамлекеттик органдарга бул жаатта чечимдерди иштеп чыгууну тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0