Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуу ашуусу
Төө-Ашуу ашуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
26-июнда тоолуу райондордо туруксуз аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас өрөөнүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +20…+25 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ошто +32…+34, Чолпон-Ата шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0