Элчи менен сүйлөшкөнбүз. Министр Бейшеналиев QazVac вакцинасы тууралуу

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүВ Казахстане началось производство вакцины Sputnik V
В Казахстане началось производство вакцины Sputnik V - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Буга чейин Бейшеналиев өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн өкмөтү бул маалыматты төгүндөгөн.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы боюнча боюнча түшүндүрмө берди.
"Биз Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшкөнүбүздө вакцина берилет деп айткан", — деди министр.
Вакцина алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Түркиянын вакцинасы Кыргызстанда сыналабы? Министрдин жообу
Эске салсак, Бейшеналиев өтүп бара жаткан жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.
Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн. Алар Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербей турганын, бул тууралуу сөз дагы болбогонун билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0