Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллын белгиледи

© AFP / GEORGES GOBETЭкзамен тапшырып жаткан бүтүрүүчү. Архив
Экзамен тапшырып жаткан бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөнү 44 416 бүтүрүүчү тапшырган. Тесттин катышуучуларынын орточо упайы 120,5ти түздү.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы (ЖРТ) менен окуу жайларга тапшыруунун босого баллы аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Анын айтымында, бюджеттик формадагыларга 110 балл, келишимдик негизде окуй тургандарга босого балл 105 деп белгиленди. Бул жылы ЖРТны 44 416 окуучу тапшырган. Тесттин катышуучуларынын орточо упайы 120,5ти түзгөн.
"25 284 киши же бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы 110дон жогору балл алды. 105тен ашык упайга 28 143 бала же абитуриенттердин 63 пайызы ээ болду. Башкача айтканда, бүтүрүүчүлөрдүн 63 пайызынын дагы окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар", — деди министрдин орун басары.
Оморов бул жылы да бүтүрүүчүлөр окууга онлайн тапшырарын эске салды. Кенен маалыматты 2020.edu.gov.kg сайтынан алууга болот. Ошондой эле суроолор боюнча 1818 тынымсыз байланыш номери кызмат көрсөтөт. Адаттагыдай окуу жайлар үч тур менен кабыл алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0