Эл качан бузулат? Салт менен кааданын айырмачылыгы тууралуу маек

© Фото / из личного архива Мелиса Мураталиева"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Ар бир элдин улут катары өзүнүн жашоо нугу болот. Кыргызда "салт бузулса — эл бузулат, салт жоголсо — эл жоголот" деген сөз бар. Бул кыргыздын тээ байыртан бери келе жаткан жашоо казынасынан алган тажрыйбасы, билими.
Акыркы убакта үрп-адаттарыбызды, байыртан бери келе жаткан элибиздин жашоо эрежелерин унутуп бараткандайбыз. Бирок эл катары сакталып, жашоо ыргагы бузулбасын десек өзүбүздү таанып, ата-бабанын каада-салтын жадыбыздан чыгарбай балдарга үйрөткөнүбүз жакшы. Бул бизге эле эмес, ар бир улутка тийиштүү маселе.
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде каада менен салттын айырмасын тойдун мисалында айтып берген.
— Каада менен салттын кандай айырмачылыгы бар? Балким айрымдарын кийинчерээк өзүбүз ойлоп таап алгандырбыз?
— Өзүбүз ойлоп таап алдык дегенге кошула албайм. Азыр каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым деген сөздөрдүн баарын бирдей коюп алып чаташтырып, өзүбүз да түшүнбөгөн сөздөр менен атап, алмаштырып колдоно беребиз. Салтты жашообузда туура эмес колдонгон жагдайда аны кайра жерип, натыйжада "кыргыздын салты жаман" деп ата-бабадан келе жаткан нарктуулукка сөз тийгизебиз. Эң алгач салт деген эмне экенин түшүнүп алсак. Мен фольклор, макал-лакап, санжыралардан карап, мунун жообун эбак эле таап алгам. Азыркы жаштардын көбү салтты түшүнбөй, бул сөздү кабыл ала да албайт. Себебин илимий китептерден издештирип карап чыгып, бир чети күлүп, бир чети ыйладым. Салттын түшүндүрмөсүн сөздүктөрдөн окугандан кийин маселе каякта жатканын аңдадым. Юдахиндин сөздүгүндө салттын котормосунун беш мааниси берилген экен. Алар — обычаи, повадка (адат, көндүм); важность, достоинство (каймана мааниси); положение, состояние; помыслы, внимание; идеология.
Жалпысынан биринчи эле маанисинде "салт – бул адат" деп которгону туура эмес. Ал эми идеология деген кенен түшүнүк, бирок салттын идеологияда да өз орду бар. Асанов деген котормочунун сөздүгүндө салтты биринчи маанисинде "обычаи", экинчи маанисинде "традиция" деп бериптир. Тескерисинче, "традиция" деген салт. Ушундай жеткиликсиз түшүндүрмөлөрдү окуган жаштардын башы айланып жатат. Азыр жаштар эмес, орто менен улуу муун деле салт деген эмне экендигин түшүндүрө албай калды. Мен буга кыскача эле түшүндүрмө берип жүрөм. Салт — бул кайсы бир улуттун же элдин жашоо эрежеси. Болду, ушул эле.
© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Мураталиев: азыр каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым деген сөздөрдүн баарын бирдей коюп алып чаташтырып, өзүбүз да түшүнбөгөн сөздөр менен атап, алмаштырып колдоно беребиз. Салтты жашообузда туура эмес колдонгон жагдайда аны кайра жерип, натыйжада "кыргыздын салты жаман" деп ата-бабадан келе жаткан нарктуулукка сөз тийгизебиз
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мелис Мураталиев: азыр каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым деген сөздөрдүн баарын бирдей коюп алып чаташтырып, өзүбүз да түшүнбөгөн сөздөр менен атап, алмаштырып колдоно беребиз. Салтты жашообузда туура эмес колдонгон жагдайда аны кайра жерип, натыйжада "кыргыздын салты жаман" деп ата-бабадан келе жаткан нарктуулукка сөз тийгизебиз
— Демек, салт — бул эреже экен да?
— Ооба, улут катары жашаш үчүн сен бир эрежеге баш ийишиң керек. Мисалы, азыркы заманбап кыргызга түшүнүктүү болуусу үчүн футбол оюнун алып карап көрөлү. Эрежени сактабай туруп футбол ойносо болобу? Мүмкүн эмес. Эреже бузулса, оюн бузулат. Ар бир элдин улут катары өзүнүн жашоо нугу болот. Кыргызда "салт бузулса — эл бузулат, салт жоголсо — эл жоголот" деген сөз бар. Муну мен, же Асанов, Үсөновдор ойлоп тапкан эмес. Бул кыргыздын тээ байыртан бери келе жаткан жашоо казынасынан алган тажрыйбасы, билими. Эл деген бүтүндүк. Мына ошол бүтүндүктү бузбай, ич ара мамилени, жашоо эрежесин үзбөй сактай турган белгилүү эреже — бул салт. Ошол эрежелер анын жашоо образына, табиятына түздөн-түз байланыштуу. Алар экиге бөлүнүп каралат. Биринчиси — адам менен табияттын ортосундагы жашоо эрежеси. Экинчиси — коом ичиндеги ич ара адам менен адамдын ортосундагы карым-катнаш эрежелери. Ал эми каада деген бул такыр башка. Мисалы, үйлөнүү үлпөтүн алсак, кыргыздын түшүнүгүндө эки жаштын башын кошуу үчүн салт боюнча эмне кылабыз?
— Салт көп да...
Атчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2017
Аялдын оокатына кийлигишпейт! Эркектерге карата 6 "болбойт"
— Жок, мен баламды үйлөндүрүү үчүн биринчи кудалашам. Кудалашуу бул таанышууга кирет. Кудалашуунун негизги максаты — кыздын ата-энесинин макулдугун алуу. Макулдашуу. Экинчи салттык жөрөлгө — сөйкө салуу. Үчүнчү салт — кыз узатуу. Сөйкө салууга негизинен ата-энелер жана уулдун агаларынан барса, кыз узатуу тоюнда таяке-жээн, ата журттун өкүлдөрү менен барып эки жак кенен таанышкан. Ал эми кызды кайын журтуна жеңеси узатып баргандыгынын да мааниси бар. Биринчиден, эжелери турмушка чыгып, башка үйдүн бүлөсү болуп кеткен. Ал эми жеңелер мейман тосууда кызмат кылып, кудаларды тейлеп жүрүп кимиси ким экенин жакшы билип калат. Кыз болсо ага чейин кайын журтунан жолдошун эле жакшы тааныйт. Узатып барган жеңеси кызга бул киши мунусу, ал киши анысы экен деп тааныштырып, кыял-кылыктарынан бери акырын айтып, жол-жобосун көрсөтүп берип келет. Анын үстүнө келин менен кыз сырдаш да болушкан. Анан төртүнчүсү, акырында келин той болгон. Баланын атасы өз журтун чакырып той берип, элден бата алат. Тойдун негизги максаты — байлык чачып, кайра каражат чогултуу эмес, бата алуу болгон. Эл жаңы бүлөнү катарына кошуп, аны батасы менен бышыктаган. Мына үйлөнүүнүн төрт эреже, төрт салты. Эми ушунун мисалында эле каадасын көрсөтүп, салт менен кааданын айырмасын бөлүп берейин.
— Кыргызда "калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" деп да айтылат эмеспи...
— Анысы бар. Негизи эрежени сөзсүз түрдө аткарасың. Ал эми каадасы кандай? Бай менен кедей баласын үйлөнттү дейли. Жашоодогу статусуна карабай экөө тең салтка баш иет. Бирок ошол салтты аткаруудагы иш-аракеттер бири-биринен айырмаланат. Мисалы, сөйкө салуу салтында оокаттуу, колунда бар адам болочок келинине 10 миң долларлык бриллиант сөйкө, кедей он миң сомдук алтын сөйкө салышы мүмкүн. Бирок каадасы бөлөк болгону менен сөйкө салуу салты жасалууда. Кыз узатууда биринин кудасы бир жума укмуш той берсе, экинчиси бир эле күн карапайым той бериши ыктымал. Тойдо бир жылкы, он кой же бир кой союу салт эмес, ал тойдун каадасына кирет. Жашоонун агымына жараша каада өзү туруксуз болот. Ал эми элдин батасын алуу салты туруктуу болушу керек. "Аш көп болсо, каада көп" деген кыргыздын макалы бар. Канчалык бай болуп, мүмкүнчүлүгүң болсо, ошончолук төгүлүп-чачыла аласың. Сени эч ким чектебейт. Азыркы тойканаларда өткөн тойлордун белгилүү бир каадасы бар. Той ээси тамада жалдап, ырчы-чоорчу чакырат, жаштар унаалар менен ойноп-күлүп келип, ар кандай ыр-бий коюлат. Согуш убагында да тойлор өткөн. Болгондо да тез-тез болгон. Себеби согушта эркектер көбүрөөк өлгөндүктөн тукум улоо максаты турчу. Андагы тойлор шаан-шөкөт, ыр-тамашасыз өтүп, эл чогулуп карандай чай болсо да батасын берүү менен келинди катарга кошуп алган. Бул жерде той десе эле дүнүйөсүн чачпай, эч кандай каадасыз эле той берип бата алып жатат. Каадаңды билип каалагандай той өткөрө бер, бирок салтты бузба. Ал эми бизде ала качуу деген салт болгон эмес. Бул адат. Тескерисинче, бирөөнүн кызын алуу үчүн анын ата-энесинин макулдугун алышың керек, башкача айтканда, кудалашуу абзел. Ошол эреженин бирин аткарбастан, салтты бузуп туруп бирөөнүн кызын уурдап кетип жатасың. Анан аялдар "бул кыргыздын салты, биз деле ушинтип келгенбиз" деп башташат. Ушул жерден билип-билбей салтка сөз тийгизет.
© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Мураталиев: улут катары жашаш үчүн сен бир эрежеге баш ийишиң керек. Мисалы, азыркы заманбап кыргызга түшүнүктүү болуусу үчүн футбол оюнун алып карап көрөлү. Эрежени сактабай туруп футбол ойносо болобу? Мүмкүн эмес. Эреже бузулса, оюн бузулат. Ар бир элдин улут катары өзүнүн жашоо нугу болот
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мелис Мураталиев: улут катары жашаш үчүн сен бир эрежеге баш ийишиң керек. Мисалы, азыркы заманбап кыргызга түшүнүктүү болуусу үчүн футбол оюнун алып карап көрөлү. Эрежени сактабай туруп футбол ойносо болобу? Мүмкүн эмес. Эреже бузулса, оюн бузулат. Ар бир элдин улут катары өзүнүн жашоо нугу болот
— Ошондой эле үрп-адат менен ырым-жырымдын айырмасы чоң да?
— Ооба, ар бири өзүнчө чоң тема. Мисалы, келиндин же апасынын этегине таш бастыруу — бул ырым. Ал жаңы бүлө оор басырыктуу болуп, барган жеринде орун алсын деген мааниде жасалат. Негизинен салт менен келген кызга таш бастырбайт. Көбүнчө ала качкандар колдонуп келген. Себеби кызды ала качып салт бузулган да, бул кадамы туура жагына ооп кетсин деп ырым колдонушкан. Баласы тентектик кылып кыз ала качып келсе аны оңдогусу келген ата-эне кудалашуу салтынын ордуна ачуу басарга барат. Мал сыяктуу уурдалган кыздын ата-энесинин ачуусу келип турганы анык. Ачуу басардын негизги мааниси — кыздын ата-энесинин алдына түшүп ачуусун басып, макулдугун алуу. Барган адам баласынын тентектигин моюнга алып, анан өзүн тааныштырып, баласынын да жакшы жактарын айтып, куда тарапты жибиткенге аракет кылган. Кудасын жибитип, макулдугун алса гана нике кыйдырышчу. Мурда кыз менен жигит арзышып, кыздын көңүлү бар, бирок ата-энеси каршы болгон учурда гана ала качкан.
— Кудага барган уул тарап "кулдугум бар" деп кулдук урат эмеспи. Мааниси кандай?
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кыз тапкан үй көрктүү. Кыргыздагы жеңелер институтунун мааниси
— Кулдугум бар деген кыргыздын төл сөзү. Кыргызда куданын эки түрү болгон. Бирок ал экөөнү ар кай жерде ар башка атап жүрөт. Бири кыз берген куда жана кыз алган куда дешсе, айрымдар кан куда, анан кул куда деп коёт. Ал эми "кулдугум бар" деген сөздүн мааниси — кыз алган тарап өмүр бою карыз. "Кул" деген милдеттүүмүн дегенди билдирет. Келинди илгери бакыт кушу, кут катары кабыл алышкан. Ошол себептен үйлөнгөн жигитке "куш бооң бек болсун!" дешкен. Куштун конгону — куттун келгени. Келин келгенде "үйгө кут, жарык келди, эми сенин жашооң уланат, тукумуң өсөт" дешип, келинге да урмат кылышкан. Кыргыздар келинге эч убакта орой сүйлөгөн эмес. Ошол себептен "керегем сага айтам, келиним сен ук" деп кайрылган.
Илгертен кыз баланы, аялзатын ушунтип бапестеп барктаганбыз, эч качан кул катары көргөн эмеспиз. Тескерисинче, кыз алган тарап кулдук урат. Кыздын ата-энеси кан куда болгон. "Кулдугуң кудайга" деп коюшкан. Кыргыз кудайдан кийин эле кудасын сыйлаган. Себеби "жараткандан кийин эле менин тукумумдун уланышына себепкер ушул адам" деп билишкен. Жашоонун маңызы ушунда болуп жатат. Ал эми кыз берген тарап да "сен кудайга ыраазы болгонуң, мага ыраазы болгонуң. Кудай алдында баарын туура кылсаң, мен да ыраазымын. Кулдук урганың кудайга болсун, биз кудабыз" деп өзүн андан жогору сезген эмес. Теңдик, сый деген ушунда жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Мураталиев: кыргызда "салт бузулса — эл бузулат, салт жоголсо — эл жоголот" деген сөз бар. Муну мен же Асанов, Үсөновдор ойлоп тапкан эмес. Бул кыргыздын тээ байыртан бери келе жаткан жашоо казынасынан алган тажрыйбасы, билими
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мелис Мураталиев: кыргызда "салт бузулса — эл бузулат, салт жоголсо — эл жоголот" деген сөз бар. Муну мен же Асанов, Үсөновдор ойлоп тапкан эмес. Бул кыргыздын тээ байыртан бери келе жаткан жашоо казынасынан алган тажрыйбасы, билими
— Куданы түштөнтүү салтпы же каадабы?
— Акыркы кезде түштөнтүү деген маселе элдин кыжырын келтирип турат. Таарынбасын, өзгөчө Нарын тарап ашкере болуп кетти. Өздөрү да мал киндиктүү келишет. Жер шарты да ошого ылайыктуу. Кудага бир күнгө баргандар "он койдун башын жеп келдик" деп мактанышат. Тоскондор да "куданы он жолу түштөндүрдүк" дешет. Биринчиден, бул убал да. Түштөнүү деген кайдан келди? Илгерки кудалар суу кечип ашуу ашып алыс жактан келип, бир түнөп кетип кала алган эмес. Каадасына жараша эки-үч күндөн бир жумага чейин түнөшкөн. Ал эми тамак деген муктаждык да. Анан үй ээсине көмөк кылып анын агасы, туугандары чакырып үйлөрүнөн тамак берген. Бул жерде түштөнтүү муктаждык болууда. Ал эми бир эле күндүн ичинде саат сайын үйдөн-үйгө киргизип, тамак берип кыйнаган бул туура эмес.
— Түштөнтүүгө кеткен чыгымды эки жаштын кем-карчысына беришсе, ээ. Япондордо үйлөнгөн жубайлар керектүү оокатын жазып туруп илип коюшат экен. Анан мүмкүнчүлүгүнө жараша туугандары алып беришет дешет. Бирок кыргыздар антип жазып илип коюп сурабайт го...
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2020
Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян
— Азыр соцпакет катары мамлекет ар бир төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү, жөлөк пул өңдүү каражат берип жатат. Илгери балага сүйүнчү айтканда кыргыздар бүлөнүн кем-карчысына карап мал, зер буюм энчилешкен. Энчинин өзү ошол жаш үй-бүлөнү колдоо иретинде берилген. Бирок сүйүнчү айткан адам байлык топтоо үчүн эмес, "мага кудай баш берди, бала берди" деп сүйүнчүлөгөн. Эл болсо "ал башты сага эмес, бизге берди" деп туруп сүйүнчүсүн берген. Мына ушунун баары колдоо, ынтымак. Караңызчы, кыргыздын жашоосу кандай болгон? Бүгүн биз ошону унутуп жатабыз. Сүйүнчүлөө, энчи берүү да салт болчу. Наристеге энчи берүү менен бул бала же кыз да бизге таандык деген ой камтылган. Ага энчи берүү менен баланын турмушуна салым кошуу түшүнүгү жаткан. Ал бала да элиме милдеттүүмүн деп чоңоёт. Ошондон улам элдик уулдар, кыздар жаралат. Көрдүңүзбү, жөнөкөй нерседен эле биримдик, ынтымакты салт, каадабыз менен чыңап келгенбиз. Ошону бүгүн түшүнбөгөн үчүн жашообуз бузулуп жатпайбы. "Салт бузулса — эл бузулат" дегендей, бүгүн биз бузулуп жатабыз. Муну моюнга алышыбыз керек. Эл, улут катары салт-санаабызды, каадабызды, үрп-адаттарыбызды билсек, анда биримдиктүү, нарктуу жашап, элдик уулдарды тарбиялап, өсүп-өнөт элек. Элдин жүгүн көтөргөн чыгаандар, мамлекеттик ишмерлер чыгат эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0