20:05 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Коом
Кыскача шилтеме алуу
121 0 0

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары кайым айтышкан. Бул окуядан кийин социалдык тармактын колдонуучулары аял кишиге атырылды деп Шайлообек Атазовду сындап чыгышкан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында кесиптеши Айсулуу Мамашова менен урушпаганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары кайым айтышкан. Анын алдында депутат Наталья Никитенко фракциянын лидери алмашканын, Сайдулла Нышановдун ордуна Шералы Абдылдаев дайындалганын жарыялаган. Буга Атазов өзүнүн каршы пикирин билдиргенден кийин кайым айтыша кетишкен. Мындан улам жыйында танапис жарыяланган.

Бул окуядан кийин социалдык тармактын колдонуучулары аял кишиге атырылды деп Шайлообек Атазовду сындап чыгышкан.

Атазов бул окуяга комментарий берип, жыйында Айсулуу Мамашова менен эмес, башка депутат менен пикир келишпестик болгонун жазды.

"Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Кечээ күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишпестик болуп кеткен. Ошол учурда арачалоо максатында мага келип, колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр", ― деп жазган ал.

Атазов ошондой эле бул окуядан кийин фракция мүчөлөрү чогулуп, меселени чечип, бири-бирин кечиришкенин кошумчалаган.

Тема боюнча

Этика менен сураңыз! Догоев кабагын салып депутат Атазовду чычалатты
Белгилер:
Шайлообек Атазов, Жогорку Кеңеш, Айсулуу Мамашова

ЭҢ МААНИЛҮҮ