Жайылда 35 жаштагы Зумрад Болотова изделип жатат. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАртын карап турган аял. Архив
Артын карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Аял Кара-Балта шаарында жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз. Милиция аны табышууга көмөктөшүп коюуну өтүндү.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жайыл райондук милициясы 35 жаштагы Зумрад Болотованы издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББ кабарлады.
© Фото / пресс-служба МВДДайынсыз жоголгон Зумрад Болотова
Пропавшая без вести Зумрад Болотова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Дайынсыз жоголгон Зумрад Болотова
Билдирмеге ылайык, аял Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Бою 165 сантиметр, дене түзүлүшү орто, кой көз, азуу тиштери күмүш түстүү темирден салынганы айтылды. Акыркы ирет кызыл футболка жана ак шым кийип жүргөн.
Жоголгон аял тууралуу маалыматы барларды милиция (0312) 43-01-27,(0312) 43-88-85, (0312) 22-15-58, (03133) 3-51-84 жана 0709759169 номерлерине чалып коюуну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0