10:23 25 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (95)
152 0 0

КГК мындан ары жаштарды колдоо программаларына өзгөчө көңүл буруп, аларга жакшы шарт түзүп берерин белгиледи.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы окуу жайлардын 3-4-курстарынын студенттерине Кумтөр кенинен практика өтүү үчүн каралган программа кеңейтилди. Бул туурасында "Кумтөр голд компани" (КГК) тышкы башкарууга өткөндөн кийинки бир айлык отчетунда билдирди.

Мындай иштер кесиптик-техникалык жана лидерлик жөндөмү бар кадрлар резервин камсыздоо, жаштарга иш жүзүндө тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле таланттууларды табуу, өстүрүү максатында жасалып жатканы айтылат.

"КГК өндүрүштүн ар кайсы багыты боюнча студенттерди кабыл алып жатат. Ага кошумча, ар түрдүү адистиктерге стажерлордун саны дагы көбөйтүлдү. Компания мындан ары жаштарды колдоо программаларына өзгөчө көңүл буруп, аларды шыктандыруу жана жөндөмүн арттыруу үчүн жакшы шарттарды түзүп берет. Алдыңкы технологияларды колдонуу менен эл аралык тажрыйба топтошуна да жол ачат", — деп жазылат маалыматта.

Дал ушул максатта КГКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн 19 жаш адиси Mining Week Kazakhstan эл аралык тоо-кен-металлургиялык комплексинин кендерди сарамжалдуу пайдалануу жаатында технологиялар жана жабдуулар көргөзмөсүнө катышканы белгиленет. Иш-чара 22-24-июнь күндөрү Казакстандын Караганда шаарында өткөн.

Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (95)

Тема боюнча

"Кумтөргө" тышкы башкаруу киргенден бери алтын канчага сатылганы айтылды
Бөлтүрүк: Кыргызстан Centerra менен бир гана шартта сүйлөшүүгө макул болот
"Кумтөр" Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башка эреже менен иштетүүнү сунуштады
Белгилер:
кадрлар, практика, студент, Кумтөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ