Бир суткада 875 кишиден COVID табылып, 6 бейтап көз жумду. Соңку статистика

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 858 кишинин абалы оор болсо, 132 бейтап өтө оор абалда экени айтылды.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө жалпы 875 кишиден коронавирус аныкталып, 533 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 395;
  • Ош – 55;
  • Чүй облусу – 128;
  • Ош облусу – 109;
  • Талас облусу – 12;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 49.
Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 118 981ге жетти. Анын ичинен 107 391 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 249;
  • Ош – 104;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу – 17.
Бир сутка ичинде коронавирус алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен бешөө ордо калаада каза болсо, бир өлүм учуру Чүйдө катталган. Жалпысынан дарттан 1 964 адам көз жумду.
Азыркы тапта 2 702 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 858 кишинин абалы оор болсо, 132 бейтап өтө оор абалда деп айтылды. Кечээтен бери 23 медиктен коронавирус табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0