Эртең Бишкектин 39 жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

Лампа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Түндүк электр" ишканасынын бригадалары трансформаторлордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жума күнү, 25-июнда, Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүрүлөрүн "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Бригадалар трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.
Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Тоо, Арча-Бешик (Чортеков, Бердибаев, Садыбакасов, Ойсул-Ата көчөлөрү), Ак-Ордо (Ара-Көл, Улуу-Тоо, Улук-Тоо, Макмал, Бештектир, Терек-Сай көчөлөрү), Орок (Кочкор-Ата көчөсү) жана Ак-Босого (Архитектор, Түлөбердиев, Саадаев, Ынтымак, Манас жана Чүй (№17, 21 үйлөр) көчөлөрү) конуштарында болбойт;
  • 9:30-12:00 — Тунгуч кичи районундагы №1, 3, 12, 4, 17,17/2 үйлөрдө;
  • 9:30-18:00 — Сельсовет, Жамгырчинов, Месарош, Ильменская, Серпухов, Волков, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Манас проспектисинде өчүрүлөт. Орто-Сай айылындагы Рысмендиев, Кумар жана Иманалиев көчөлөрүнүн жашоочулары электр кубатысыз калат;
  • 9:30-19:00 — Кийизбаева, Каменная, Токтоналиев, Ахунбаев, Орозбеков, Васильев, Элебесов көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Ботаника кууш көчөсүндө;
  • 10:00-15:00 — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Санжыра көчөлөрү);
  • 11:00-14:00 — №88 мектепте өчүрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0