Өткөн суткада 822 кишиден коронавирус аныкталып, беш адам көз жумду

© REUTERS / CAROLINE CHIAМедициналык кызматкер
Медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 100 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды. Бир суткада эле 21 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 822 кишиден коронавирус аныкталып, 475 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 300;
  • Ош – 70;
  • Чүй облусу – 207;
  • Ош облусу – 93;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 80;
  • Баткен облусу – 42.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 118 106га жетти. Анын ичинен 106 858 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 183;
  • Ош шаары – 118;
  • Чүй облусу – 54;
  • Ош облусу – 70;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 16.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт беш адамдын өмүрүн алды:
  • Бишкек – 3;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош шаары – 1.
Жалпысынан оорудан 1 958 адам каза тапты.
Азыркы тапта стационарда 2 604 киши дарыланууда. Анын ичинен 801 бейтап оор абалда болсо, 100 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 21 медиктен коронавирус табылганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0