Аптап коронавирустун жаңы штаммына кандай таасир этери айтылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКүндүн ысыгы учурунда көчөдө жүргөн жаштар
Күндүн ысыгы учурунда көчөдө жүргөн жаштар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Биолог азыркы өтө ысык температура COVID-19 менен ооруган адамдардын абалына таасир тийгизиши толук мүмкүндүгүнө токтолгон.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россияда коронавирустун "индия" штаммынын таралышы кээ бир аймактарда күндүн катуу ысышына туш келди. Бул экөөнүн ортосунда кандай байланыш бар экендигин Sputnik радиосуна Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин профессору Николай Никитин түшүндүрүп берген.
Анын айтымына караганда, пандемия учурунда жайкы ысык кандайдыр бир жолдор менен коронавирустун таралышына жакшы жардамчы экендиги түшүнүктүү болду. Мындай учурда социалдык факторлор гана абалга аралжы болушу мүмкүн. Тагыраагы, ысыкта эл эс алуу үчүн чыгып кетип, бири-бири менен аз жолугуп, оорунун жугуу кооптуулугу азаят.
Вирустун өзү үчүн ысык өтө маанилүү эмес. Апаптуу аба ырайы жаңы мутациялардын пайда болушун деле шарттабайт.
"Аптап, ачуу тийген күн жана ультрафиолеттин коронавирус инфекциясы менен вируска таасири жок. Штаммдарга келе турган болсок, ысык жаңы мутациялардын пайда болуп жана таралышын шарттады деп айта албайбыз", — деген биолог.
Чүчкүрүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Ак чүч!.. Вакцина алгандарда гана болчу коронавирустун симптому аныкталды
Ошону менен бирге эле азыр болуп жаткан өтө ысык температура COVID-19 менен ооруган адамдардын абалына таасир тийгизиши толук мүмкүндүгүн кошумчалаган. Адистин айтымында, биринчи иретте бул өнөкөт илдети барлар, өзгөчө кан тамыр системасы менен жүрөгү ооругандарды аябайт.
"Аптап алардын жүрөгүнө жакпайт, тагыраагы, аны аталган организм көтөрө албагандыктан оору күчөп кетиши мүмкүн", — деген Никитин.
Учурда дүйнөнүн көп өлкөсүндө коронавирустун "индия" штаммы тарап, пандемияга жаңы толкун кошууда. Анткен менен адистер кандай гана болбосун, эки доза менен алынган вакцина ооруга туруштук берерин айтып жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0