Пара менен кармалып, кызматтан кеткен УКМК кызматкерин сот актады

Райондук соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Чекист былтыр сентябрь айында пара алууга шектелип кармалган болчу. Өткөн жумада райондук сот чечим чыгарганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Н. С. Октябрь райондук сотунун 18-июнундагы чечими менен күнөөсүз деп табылып, акталды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы кабарлады.
Ал төмөнкү беренелер менен бошотулду:
  • Жоруктар кодексинин 172-беренеси ("Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу") — жоруктун окуясы жок болгондуктан;
  • Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу") — кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу;
  • Жазык кодексинин "Пара алуу" беренеси — кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу. Өкүмгө даттанууга жана жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна сунуштамаларды киргизсе болот.
Пачка-пачка доллар, алтын буюмдар. Бажычынын үйүн, кабинетин тинткен видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Пачка-пачка доллар, алтын буюмдар. Бажычынын үйүн, кабинетин тинткен видео
Соттун чечими күчүнө киргенден кийин буюмдук далилдер (77 миң сом) арыз ээсине кайтарылат. Мурдагы чекисттин ишин 2020-жылы 4-сентябрда жоюлуп кеткен Каржы полициясы менен УКМКнын ички коопсуздук кызматы караган. Ал 1 000 доллар пара алууга шектелген. УКМК аны 11-сентябрда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен иштен кетирген. Арыз жазган А. О., Каржы полициясынын кызматкеримин деген Санжар аттуу киши анын уулунун атасын аныктоо боюнча маселени оң жагына чечип берем деп 3 000 доллар талап кылганын айткан. Ишти Финпол да карап, ал жакта Санжар аттуу киши иштебей турганы аныкталган. Кийинчерээк ал УКМКда эмгектенери, ал эми жардамдашкан шериги мурдагы чекист экени белгилүү болгон. Н. С. аттуу киши УКМКнын 9-кызматынын мурдагы начальниги Дамир Мусакеевдин айдоочусу болгон, 2016-жылы башкы чекист болуп турган Абдил Сегизбаевдин буйругу менен мекеменин башкы башкармалыгына которулган. Акыркы ирет УКМКнын Октябрь райондук бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кызматында болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0