16:27 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Коом
Кыскача шилтеме алуу
15410

Балян алдамчылыкка айыпталып, 15-июнда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы айтылган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бизнесмендер менен жолукканда "Карвен групп" ассоциациялар компаниясынын жетекчиси Генрих Баляндын кармалышы боюнча пикирин билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, бизнесмендердин көп эмес, аз бөлүгү мамлекетти алдап, салык төлөбөй келишет. Жапаров жакында эле укук коргоочулардын бири бизнесмендер мыйзам менен корголбогондуктан аларды өлкөдөн кетүүгө чакырганын эске салды.

"Эл менен бизнесмендер түшүнүшү керек. Бизнесмен Балянды сиздер жакшы билесиздер. Ал мамлекеттик банкка арзыбаган акчага тете объектини күрөөгө коюп, 2,5 миллион доллар насыя алган. Бирок бир дагы айга бир тыйын төлөгөн эмес. Ишкер мамлекеттик банкты алдап, анын жетекчилери менен сүйлөшүп алган. Көрсө, аларга акча берип коюптур. Максаты – болбогон нерсени күрөөгө коюу болгон. Сурак учурунда банкирлер пара алганын моюндашты", - деди президент.

Балян алдамчылыкка айыпталып, 15-июнда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы айтылган. Бул үчүн ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү өтө жогору баалап (670 миң доллар) күрөөгө койгондугу маалымдалган.

Эске салсак, буга чейин сот Баляндын баш коргоо чарасын карап, 15-августка чейин үй камагына чыгарган. Сот анын мамлекетке 60 миллион сом которгонун эске алган болчу.

Тема боюнча

"Карвен групптун" ээси Генрих Балян атайын эсепке 60 млн. сом которду
Сот бизнесмен Генрих Балянды үй камагына чыгарды
Белгилер:
президент, Садыр Жапаров, бизнес, Генрих Балян

ЭҢ МААНИЛҮҮ