02:32 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5043
  • RUB1.1584
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1543)
145 0 0

Инфекционисттин айтымына караганда, келечекте мутант вирус пайда болуп, ага эмделгендердин иммунитети да туруштук бере албай калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Элдин коронавируска каршы вакцинаны шашпай, жай алышы COVID-19дун мутацияланып кетишине алып келиши мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости врач-инфекционист Андрей Поздняковдун айткандарына таянып жазды.

"Эгерде эмдөө жай жүргүзүлсө вирус мутацияланып кетет да, азыркы вакцина ага таасир этпей калышы мүмкүн. Бул кырдаал калктын арасынан жетиштүү түрдө эмделбегендер, ооруга каршы иммунитет топтобогондор (вакцина сайдыргандар же ооруп чыккандар) басымдуулук кылса жаралат", — деген дарыгер.

Адистин айтымында, вирустун азыркы мутациясы вакцинанын майнаптуулугуна терс таасирин көрсөтө албайт.

"Вакцина мутацияланбаган вирустун туруктуу генине карата антителону жаратыш үчүн жасалууда. Учурда табылган мутация вакцинанын натыйжалуу болушуна глобалдуу түрдө таасирин тийгизет деп айтканга азырынча негиз жок", — деп билдирген Поздняков.

Мутациянын максаты — вирустун тышкы чөйрөдө жашап кетүүсүнүн жана жайылуусунун мүмкүнчүлүгүн арттыруу. Вирус бир организмде көп жашап калганда иммундук система менен күрөшүүгө аракет кыла баштайт. Бул иммунитети "чабуул" менен тез күрөшө албай турган бейтаптарда болот. Же ооруну жугузуп алгандар арбын топтолгон шарттарда, маселен, стационарлар менен COVID-19ду дарылаган госпиталдарда кездешет.

Вакцина саюу вирустун бир катар мутацияларынын алдын алат. COVID-19 даярдыгы бар организмге түшкөндө иммундук система тез реакция кылып, вирус мутация болгонго жетишпей калат. Инфекционисттин айтымына караганда, келечекте мутант вирус пайда болуп, ага эмделгендердин иммунитети да туруштук бере албай калышы мүмкүн, бирок буга көп убакыт керек.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1543)

Тема боюнча

Филиппин президенти: эмдөөдөн качкандарга чочконун вакцинасын саям
Ак чүч!.. Вакцина алгандарда гана болчу коронавирустун симптому аныкталды
Белгилер:
коронавирус, мутация, вирус, вакцина

ЭҢ МААНИЛҮҮ