Коронавирустан 8 бейтап каза таап, 738 адам оору илештирди

© AP Photo / Jorge SaenzКоронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн алып бараткан медицина кызматкерлери. Архив
Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн алып бараткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Республикадагы ооруканаларда 100 киши өтө оор абалда жатат. Беш миңден ашуун бейтап амбулатордук дарыланууда.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 738 адам коронавирус жуктуруп, 451 киши сакайып, тилекке каршы, сегиз киши өтүп кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлды.
Ооругандар:
  • Бишкек — 360;
  • Ош шаары — 93;
  • Чүй — 51;
  • Ош — 108;
  • Талас — 4;
  • Нарын — 5;
  • Ысык-Көл — 26;
  • Жалал-Абад — 60;
  • Баткен — 31.
Вирус жуктургандар жалпы 117 284кө жетти.
Сакайгандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 200;
  • Ош шаары — 34;
  • Чүй — 104;
  • Ош — 48;
  • Талас — 4;
  • Нарын — 4;
  • Ысыл- Көл — 16;
  • Баткен облусу — 9.
Илдетти ушуну менен 106 383 киши жеңди.
Коронавирустан каза тапкан төрт киши Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ош шаарында жана дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 1 953 адамдын өмүрүн алды.
Стационарларда 2 496 бейтап жатат. Алардын ичинен 17 кишинин абалы канааттандырарлык, 1 598и орточо, 781и оор, ал эми дагы 100 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 5396 бейтап бар экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0