https://sputnik.kg/20210623/batken-kyska-moonottuu-bala-bakchalar-achylat-1052962471.html
Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат. Артыкчылыгы эмнеде
Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат. Артыкчылыгы эмнеде
Sputnik Кыргызстан
Мындай бакчаларды ачууда артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Балдар ал жакта үч саат болот, тамак берүү жана уктатуу каралган эмес. 23.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-23T08:48+0600
2021-06-23T08:48+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
баткен облусу
билим берүү жана илим министрлиги
бала бакча
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0f/1049624859_0:389:2947:2047_1920x0_80_0_0_8374540077ca915ead8ae24205a73f3e.jpg
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачыларын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.22-июнга карата министрликке мындай бала бакчаларды ачуу үчүн облустан 29 өтүнмө келип түшкөн. Анын ичинде Баткен районунан беш, Кадамжайдан тогуз, Лейлектен жети, Сүлүктүдөн алты, Айдаркенден бир, Исфанадан бир арыз келген. Эми атайын комиссия документтердин шайкештигин текшерип, талапка жооп берген өтүнмөлөрдү долбоорго кошот. Андан соң уюштуруу иштери башталары айтылат.Долбоордун алкагында санитардык-гигиеналык шарттар түзүлүп, окутуу жана өнүктүрүү куралдары камсыздалат. Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имарат толугу менен оңдоодон өтүп, балдар аянтчасы да курулары кошумчаланды.Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачууну пландап жатат. 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачканы белгиленет.
баткен облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0f/1049624859_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_a82d7f74860c17cbdda22afd67af0536.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, баткен облусу, билим берүү жана илим министрлиги, бала бакча
жаңылыктар, коом, кыргызстан, баткен облусу, билим берүү жана илим министрлиги, бала бакча
Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат. Артыкчылыгы эмнеде
08:48 23.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Мындай бакчаларды ачууда артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Балдар ал жакта үч саат болот, тамак берүү жана уктатуу каралган эмес.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачыларын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
22-июнга карата министрликке мындай бала бакчаларды ачуу үчүн облустан 29 өтүнмө келип түшкөн. Анын ичинде Баткен районунан беш, Кадамжайдан тогуз, Лейлектен жети, Сүлүктүдөн алты, Айдаркенден бир, Исфанадан бир арыз келген. Эми атайын комиссия документтердин шайкештигин текшерип, талапка жооп берген өтүнмөлөрдү долбоорго кошот. Андан соң уюштуруу иштери башталары айтылат.
"Кыска мөөнөттүү бакчаларды ачууда артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Мындай бакчада балдар үч саат гана болуп, аларга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт. Тамак берүү жана уктатуу каралган эмес. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана үнөмдүү", — деп жазылган билдирмеде.
Долбоордун алкагында санитардык-гигиеналык шарттар түзүлүп, окутуу жана өнүктүрүү куралдары камсыздалат. Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имарат толугу менен оңдоодон өтүп, балдар аянтчасы да курулары кошумчаланды.
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачууну пландап жатат. 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачканы белгиленет.