"Түндүк электр" майнинг-ферма иштеткендерди табууга элден жардам сурап жатат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМайнинг ферма. Архив
Майнинг ферма. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Энергетика компаниясынан билдиришкендей, майнинг үчүн техникалык шарт түзүүгө бийлик тарабынан убактылуу чектөө киргизилген.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы Кыргызстандагы мыйзамсыз майнинг-фермаларды табууга элден жардам сурап жатат.
Компаниядан билдиришкендей, электр энергиясынын дефицити жаралышы ыктымал экенин эске алуу менен бийлик майнинг-фермаларды иштетүү үчүн техникалык шарт түзүүгө убактылуу тыюу салган.
Рейддердин биринде Ысык-Ата районундагы таш майдалаган ишкананын аймагынан ушундай ферма табылган.
"Абонент электр энергиясын мыйзамсыз колдонуп жүргөн. Абонент кубаттуулугу 1000 киловольт-ампер болгон трансформатордун эсептегич приборлорунан айланып өтүп, электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланган. Акт түзүлдү. Видео байкоо жүргүзүү учурунда жабдыкты аймактан чыгарып, электр тармактарына туташтыруу аракети байкалган", — дешти компаниядан.
Аталган объектиге берилген электр кубаты токтотулуп, абонентке айып салынган. Материалдар укук коргоо органдарына жиберилди. "Түндүк электр" ишканасы кыргызстандыктарды майнинг-фермаларды табууга жана маалыматы барларды 1209 тынымсыз байланыш номерине чалууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0