Ак чүч!.. Вакцина алгандарда гана болчу коронавирустун симптому аныкталды

© AFP / PHILIPPE HUGUENЧүчкүрүп жаткан аял. Архив
Чүчкүрүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Адистер эмдөөдөн өткөндөн кийин себепсиз эле көп чүчкүрө баштаган адамды COVID-19га тест тапшырып, үйдөн чыкпоого чакырды.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Британиянын окумуштуулары вакцина алган гана адамдарда байкала турган коронавирустун симптомдорун аныкташты. Бул тууралуу Express басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, COVID-19га каршы эмделген адамдар илдетти кайра жуктурган кезде чүчкүрүп калганы байкалган.
"Аталган симптом адам COVID-19 менен ооруп калганын 100 пайыз далилдейт деген сөз эмес. Бул болгону дайымкы көрүнүш болууда. Айрыкча вирусту кайталап жуктургандар аба ырайы жылуу кезде деле чүчкүрө беришет. Эгер сиз эмдөөдөн өткөндөн кийин себепсиз эле көп чүчкүрө баштасаңыз, COVID-19га тест тапшырып, үйдөн чыкпаңыз", — дешкен адистер.
Буга чейин россиялык окумуштуулар "индия" штаммы вакцина алгандар үчүн дагы коркунуч жаратарын айтышкан. Вирустун бүл түрү адамдын иммунитетин эки-үч эсе төмөндөтөрү белгилүү болгон. Ал эми ДССУ COVID-19га каршы чыгарылган вакцинанын кайсы түрү болбосун, эки дозасын тең алса индиялык "дельта" штаммынан коргой аларын маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0