Өткөн суткада 931 кишиден коронавирус табылып, 8 бейтап көз жумду

© AP Photo / Rajesh Kumar SinghCOVID-19 сыноо лабораториясынын кызматкери
COVID-19 сыноо лабораториясынын кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Кечээтен бери Бишкектен эле 435 адамдан COVID аныкталган. Азыркы тапта ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 93 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 931 кишиден коронавирус аныкталып, 522 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү ордо калаада.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 435;
  • Ош – 147;
  • Чүй облусу – 129;
  • Ош облусу – 93;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу – 41.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 116 546га жетип, анын ичинен 105 932 адам дартты жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек – 232;
  • Ош – 119;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 74;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 19.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус сегиз адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен бешөө Бишкекте катталса, Чүйдө экөө, Ош облусунда бир адам каза тапкан. Жалпысынан коронавирустан 1 945 бейтап көз жумду.
Азыркы тапта 2 436 киши ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 708и оор абалда болсо, 93 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0