Өспүрүмдөр COVID-19га каршы эмделиши керек. Себебин адис түшүндүрдү

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүCOVID-19 эмдөө пунктунда адамдар
COVID-19 эмдөө пунктунда адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Ал эми Pfizer вакцинасы 2021-жылдын март айында 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өспүрүмдөр адатта COVID менен жеңил формада оорушат. Бирок алар дайыма чоңдор менен байланышта болгондуктан, аларга жугузуп салбоо үчүн вакцина алышы керек. Бул тууралуу "Известия" басылмасына BestDoctor аталышындагы медицинаны өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Юлия Ткаченко билдирди.
Ошол эле учурда дарыгер балдар коронавирустун жаңы штаммдарын, анын ичинде "индия" штаммын кандай кабыл алары тууралуу маалыматтар жок экенин айтат.
"Өспүрүмдөргө эмдөө эмне үчүн зарыл? Алар инфекция жуктуруу жагынан негизги звено болуп эсептелет. Өздөрү ооруну жеңил көтөргөнү менен ар дайым ата-энеси, чоң ата, чоң апасы же башка жашы өтүп калган туугандарына жуктуруп коюшу мүмкүн", — деди Ткаченко.
Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Дарыгердин айтымында, бул нерсе жаңылык эмес. 2021-жылдын март айында Pfizer вакцинасы 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан. Ал эми AstraZeneca вакцинасы кыйыр таасиринен улам изилдөөгө алынбай токтоп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0