Балдар үйүндө көз жумган өспүрүм боюнча иш Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБалдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБалдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди
Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан
Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан
1/2
Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди
2/2
Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан
Эске салсак, балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.
Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Акыйкатчы институту: Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болду
Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.
Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн уккан.
Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирген. Ал Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралат деген.
Жаңылыктар түрмөгү
0