Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаалар Бишкек - ​​Ош трассасында бара жатат
Автоунаалар Бишкек - ​​Ош трассасында бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
22-июнга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын чөлкөмүндө +18…+23 градуска жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +18…+20 градус ысыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0