Миңдеген киши жумушсуз калат! Түндө жабылчу ишкана ээлеринин нааразычылыгы

© REUTERS / MARCO BERTORELLOОфициант иш учурунда. Архив
Официант иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Бишкекте тамактануучу жайлар саат 23:00гө чейин гана иштөөгө өттү. Буга кафе-ресторандардын кожоюндары кыжырданып турат. Ишкерлер мындай чаранын айынан миңдеген шаардыктар киреше булагынан ажырап каларын айтышат.
Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишине чектөө киргизди. Бар, кафе, ресторан, караоке-клуб жана жана ушундай объектилер 23:00дө жабылып, таңкы 07:00дөн эрте ачылбайт. Түнкүсүн тамак жеткирүү кызматына гана уруксат берилет. Ушуга байланыштуу айрым ишканалардын ээлери, жетекчилери жана кызматкерлери менен баарлашып, чектөөлөр туурасындагы ойлорун тыңдадык.

"23:00гө чейин эл илдетти жуктурбайбы?"

Social Coffee жана Friends кофейнялар түйүнүнүн кожоюну Айбек Кыштобаев чектөөлөр жыйынтык алып келбесин айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековSocial Coffee жана Friends кофейнялар түйүнүнүн кожоюну Айбек Кыштобаев
Бизнесмен Айбек Кыштобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Social Coffee жана Friends кофейнялар түйүнүнүн кожоюну Айбек Кыштобаев
"Тыюу салуулар эпидемиологиялык кырдаалды жакшырта албайт. Шаар жетекчилигинин түшүнүгүндө ооруну адамдар күндүзү жуктурбай, ал эми түнкү 11ден кийин коронавирус ар бир жайга кирет экен да", — деп нааразы болгонун жашырбайт Кыштобаев.
Ал бийликтин жаңы чаралары ресторандык бизнестин ансыз да арсар абалын ого бетер курчутарын белгиледи.
"Мэрия бизнести "муунтууга" аракет көрүп жаткандай таасир калтырууда. Былтыр катаал убакта элге ишкерлер көмөктөшкөнүн эстегиле. Ага эмне жооп алышты? Колдоо жана салыктан жеңилдетүүнүн ордуна шарттарды катаалдатат! Мэрия тамактануучу жайлардын эмес, муниципалдык транспорттун ишине көңүл буруп, эл көп чогулган жерлерди дезинфекциялоого жана жарандарды эмдөөгө үгүттөөгө тийиш", — дейт ишкер.

"Чаралар көрүлүшү кажет, бирок эске алчу жагдай бар"

Somewhere Bistro индия кафесинин ээси Сандип Бижауат COVID-19дун жайылышын алдын алуу чараларын колдойт, бирок муниципалитеттин илдет жуктуруу тобокелдиги күч жерлерге көңүл бурбаганына таң калат.
© Sputnik / Табылды КадырбековSomewhere Bistro индия кафесинин ээси Сандип Бижауат
Владелец арт-кафе Сандип Бижауат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Somewhere Bistro индия кафесинин ээси Сандип Бижауат
"Коомдук тамактануу жайларынын кожоюндары үчүн абал улам татаалдашып барат, ал аз келгенсип азык-түлүк кымбаттап, киреше азайып кетти", — дейт Бижауат.
Ишкер бизнес 2020-жылдагы карантинден бери оңоло электигин эскертти. Ошондон тарта, Бижауаттын пикиринде, ишкерлер кыйчалыш кырдаалдан чыга албай келет, бирок салык төгүүдө же ижара акысын төлөөдө бул эске алынбайт.

"Кызматкерлердин акысын кантип беребиз?"

"Ретро-Метро" түнкү клубунун бухгалтери Мария Бем кызматкерлерге кантип айлык беребиз деп түйшөлүүдө.
Карантиндик постто турган ИИМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Штаб: Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облустарына каттабай тургула
"Биз 21:00дө ачылабыз, иш араң он бирлерге барып кызыйт. Дал ошол убакта мэриянын графиги боюнча клубду жабуу зарыл. Эки саат бийлөөгө эч ким келбей турганын баары түшүнөт. Ушул убакыт аралыгында биздин клуб тапканынан көп сарптайт. Бул – бизнести жана жөнөкөй элди шылдыңдоо. Бийлик миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз, тамак-ашка акчасыз калган 2020-жылдын жайындагыдай дүрбөлөңдүн башталышын каалап жатабы? Кызматкерлердин айлыгын кайдан таап беребиз, маалынан кечиктирбөө талап кылынган салыкты кантип төгөбүз?" — деп суроо салат бухгалтер.
Ошону менен бирге эле өзү иштеген жайда эпидемияга каршы эрежелердин баары сакталарын баса белгилейт.
"Бир убакта киши саны 50дөн ашпайт, ар бир столго санитайзер коюлган. Бардык талаптарды катуу аткарабыз. Мэрия чындап эле чектөөлөр менен илдеттин жайылышын токтото аларына ишенип жатабы? Кыязы, коомдук транспортко аткаминерлердин эч бири түшпөсө керек, болбосо дал ошол жай коронавирус үчүн бейиш эмеспи. Жүргүнчүлөр бет капсыз, автобус, троллейбустар жык толгон", — дейт ал.
Ошондой эле Мария Бем клубду белгисиз убакытка дейре жаап турууга да аргасыз болушары мүмкүн экенин айтып кейиди.

"Адамдардын тапканы кыйла азаят"

Tokyo Sushi жайынын жергиликтүү жетекчиси Бахтияр Кожокеев азыр персоналдын бардык күчү күндүзгү трафик системасын иштеп чыгууга багытталганын айтат. Бирок бул деле кафе болжолдуу чыгымдарын жаба аларына кепилдик эмес.
Жайылган дасторкон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
"Абал оор, ишкерлер кабылган көйгөйлөргө эч ким көнүл бурбайт. Бул багыттагы ишканалардын көпчүлүгү бизнес үчүн имарат ижаралашат. Анткен менен эч ким мэриянын тыюу салууларынан улам ижара акысын ылдыйлатпайт. Былтыр саат 20.00гө чейинки чектөө коюлган убакта биз ижараны да, салыктарды да толук көлөмдө төктүк. Бул сапар да 100 пайыз сумманы төлөйбүз. Биздин ишкана эки жылдан бери чыгаша тартып келет. Ал эми мамлекет бизнеске көмөктөшүү үчүн эч нерсе кылган жок", — деди Кожокеев.
Чектөөлөрдөн көпчүлүк кызматкерлердин эмгек акысы азаят, анткени персоналдын басымдуу бөлүгү пайыз алып иштейт.

"Бут коерго жер жок маршруткалар эмнеге эч кимди толгонтпойт?"

"Империя" ресторанынын жетекчиси Виктория Наумова коомдук транспорттогу жагдайга көз жумуп, тамактануу жайларынын ишине жолтоо болуп жатканына таң калууда.
"Мэрия көйгөйдү чечүүнүн ыксыз жана майнапсыз ыкмаларын карап жатат. Бийлик муну менен коомдогу нааразылыкты гана күчөтөт. Эгер бизнеске колдоо көрсөтүп, салыкты төмөндөтүшсө, эч кандай доомат коюлмак эмес. Бирок бизден салык төгүү, маяна берип, ижара акысын төлөө да талап кылынат... Эмнеге эч ким маршрутка жана троллейбустарга көңүл бурбайт? Жүргүнчүлөр бет капсыз, транспорт желдетилбейт. Ал эми бардык эпидемиологиялык эрежелерди сактап жаткан бизге меймандар эң көп келе турган маалда иштөөгө тыюу салынууда", — деп нааразы болду Наумова.
Коомдук тамактануу жайларынын башка кожоюндары жана жетектөөчүлөрүндөй эле ал да ресторандын пайыздан маяна алган кызматкерлери эмне болорун айта албайт. Алардын эмгек акысы бир нече эсе төмөндөшү мүмкүн.

"Миңдеген адамдар жумушсуз калат"

"Шахерезада" чайканасынын орток кожоюну Александр Цой чектөөлөрдөн улам борбордогу түнкү ишканасын жапкан.
Офис. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Бишкекте ишканаларга кызматкерлердин жарымын аралыктан иштетүү сунушталды
"Менин ишканаларымда 200 чакты киши иштейт. Маянасы бир топ кыскарып же таптакыр кирешесиз калган адамдар эмне болушат? Бийлик коомдук транспорт, базар, дүкөндөрдөгү жөөлөп-түртүшмөйлөрдү дегеле көргүсү жок, ал эми катуу чара тамактануучу жайларга гана көрүлөт... Бизде ижара акысы, салык, коммуналдык кызматтарга төлөмдөр бар, алардан жеңилдикти бизге эч ким бербейт. Ал эми акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатышат. Бишкекте 1500-1800дүн тегерегинде ушул багыттагы жайлар бар. Орточо үчтөн бир бөлүгү түнкү режимде ар биринде 30-50 кызматкер иштейт. Мэриянын чектөөлөрүнөн ошол адамдар жумушсуз калат. Кырдаал катаал", — деди Цой.
Ишкер азыр чайкананы гана иштетип жатканын кошумчалады.
"Түнкү режимдеги жайды жаап, болгон күчүмдү чайканага гана жумшайын деп чечтим, бирок абал оор экенин түшүнүп турам. Бизге кардарлардын басымдуу бөлүгү болжол менен 21:00дө келишет, биз аларды дал эки сааттан соң чыгарууга аргасыз болобузбу? Чайкананы да жабууга туура келет окшойт. Бул жерден нан таап жеген адамдарга кейийм", — дейт Цой.

"Тыюу салуулар туристтик сезонго да оор сокку"

"Облако" жана V Bishkek жайларынын орток кожоюну Адилет Каденов мэриянын тыюу салуусу ресторандык бизнести гана кыйратпастан, өлкөдөгү туризмге да терс таасир этерин айтат.
Жыйындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жаштайынан ири ишкерге айланган 5 кыргызстандык. Ата мүлкүн мурастап калгандар
"Пандемияга карабастан бизде туризмди өнүктүрүүгө тырышып жатышат. Россия, Казакстандан туруктуу каттамдарды ачышты. Бизге эс алууга адамдар келип жатышат, ал эми мэрия локдаунга чыгышыбыз керектигин белгилейт. Чектөөлөр киргизилген өлкөлөр туристтерди тартпайт. Түркия менен Бириккен Араб Эмирлигинин экөөнөн эс алуучулар Эмирликти тандайт, себеби ал жакта түнкү жайлардын ишине тыюу жок. Менимче, мэриянын аракети быйыл туризмди жандандыруу үчүн көп иштерди аткарган башка мекемелердин ишине каршы келет", — деди Каденов.
Анын эс алуучу жайларында кирешенин негизги бөлүгү көпчүлүк башка ишканалардай эле саат 21:00дөн таңкы 4кө чейин түшөт.
"Бизге каражат табуу жолун белгисиз мөөнөткө чектеп коюшту. Штатта 300 киши бар. Аларга мурдагыдай айлык төлөй албай турганым анык. Каражатыбыз жетиштүү, кайсы бир убакка дейре кармалабыз, бирок маянаны бир топ кыскартууга туура келет", — деди ишкер.

Мэрия эмне дейт?

Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, чарбалык субъектилер санитардык жоболорду сактоо милдеттенмелеринин баарын аткарганда мындай чара көрүлмөк эмес.
© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева
Вице-мэр столицы по социальной политике Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева
"Кечинде адамдар сейилдөөгө, коомдук тамактануу жайларына жана эл көп топтолгон жерлерде эс алууга чыгышат. Чектөө убактысын Саламаттык сактоо министрлиги сунуштады. Тамактануучу жайлардын баары эле киши саны, социалдык аралыкты жана башка нормаларды сактоо жөнүндөгү буйрукту аткарышпайт. Ошондуктан аргасыз чараларга баруудабыз", — деп белгилеген Мозгачева.
Милициянын катышуусу менен рейддер жүргүзүлөрүн да кошумчалайт ал. Тамактануучу жана көңүл ачуучу жайларда эрежелер бир нече ирет (эки же андан ашуун) бузулса, 150 миң сом айып пул салуу менен убактылуу жабылат. Чектөөнүн убактысын кайра карап чыгуу азырынча пландалган эмес.

Эксперттер эмне дейт?

Ресторатор Регина Сманованын пикиринде, азыркы чаралар ресторан жана кафелер жагдайын алсыратпайт, көңүл ачуучу жайлардын гана ишине таасир этиши ыктымал.
"Ресторандар, көптөгөн кафе жана кофеканалар негизинен түн оокумуна жетпей жабылат. Көңүл ачуучу тармактагы – түнкү клуб жана кардарларын кечирээк маалда кабыл алган жайлардагы кесиптештерге караганда булар көп зыян тартпайт. Ресторандарга жеңилирээк, адамдар болжол менен кечки тамакты саат 20:00дө ичишет, демек, чектөөдө көрсөтүлгөн маалга чейин аларды тейлөөгө үлгүрүшөт", — деп түшүндүрөт Сманова.
Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мэрия COVID-19дун алдын алуу чараларын көрүүгө тийиш, бирок ишканалардын ишин чектебеши керек деп эсептейт.
"Чектөө чаралары бизнеске жолтоо болбошу зарыл. Буга каршы келбеген чаралар, маселен, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо эрежелери бар", — дейт эксперт.
Сыдыков бизнес 2020-жылдагы каатчылыктан тирдене электигин, тыюу салуу ишке олуттуу бөгөт болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0