Кыргызстанда 92 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКоронавируска каршы вакцина алып жаткан кыз. Архив
Коронавируска каршы вакцина алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Вируска каршы дары сайдырган аймактардын сап башында Бишкек менен Чүй турат. Учурда препараттын биринчи дозасын алгандар экинчисин сайдырып баштады.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Республика боюнча коронавирустан коргогон вакцинаны 19-июнга карата 92 433 адам алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ал эми акыркы суткада 2 967 киши сайдырган. Анын ичинен 2 079у эмдөөнүн экинчи этабынан өттү.
Белгилей кетсек, вакцинация эки этап менен жүргүзүлүп, ортосу 21 күндү түзөт. Учурда 92 миңден ашуун кишинин 68 657си препараттын экинчи дозасын алды.
Вируска каршы дары сайдырган аймактардын сап башында Бишкек (22 миңден көп) менен Чүй (16 миңден ашуун) турат.
Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" вакциналары бар. Саны чектелүү болгондуктан россиялык препарат өнөкөт оорусу барлар менен улгайган жарандарга гана сайылууда. Кечээ анын 80 миң дозасы келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0