Вакцина тукумсуздукка кептейби? Расмий жооп

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүСпутник V вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Россиянын "Спутник V" вакцинасын түзүүчүлөрдүн бири препарат эмне себептен репродуктивдик системага зыянын тийгизбей турганын айтып берген.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Спутник V" вакцинасын алгандар тукумсуз болуп калбайт, себеби препарат адамдын организминде көптөн бери жашаган аденовирустун негизинде жасалган. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург билдирди.
"Эволюциялык көз карашта дагы, заманбап медицинанын жакынкы байкоолорунда да вакцина терс таасирин тийгизбейт", — деди Гинцбург.
Ал белгилегендей, "Спутник V" вакцинасынын курамындагы "Компонент I" жана "Компонент II" аденовирус 26 менен аденовирус 5тин негизинде жасалган. Булар адамга илгертеден бери тааныш вирустар.
Заводдо сагыз өндүрүү линиясынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
ЖМК: Россиянын Коргонуу министрлиги вакцинаны сагыз түрүндө чыгарууга киришти
"Бул убакыт аралыгында адамзат 7,5 миллиардга көбөйдү. Аденома вирустарын курч респиратордук инфекциялар сыяктуу жеңил жана оор түрүндө ондогон жылдар бою жуктуруп, айыгып келдик. Эч ким мындан тукумсуз болуп же репродуктивдик системасына доо кеткен эмес. Медициналык протоколдордо дагы аныкталган жок", — деп белгилеген Гинцбург.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында "Спутник V" вакцинасын каттаган. COVID-19га каршы бул препаратты Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология  улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.
"Спутник V" адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет. Ошондой эле Россияда "ЭпиВакКорона", "КовиВак" жана "Спутник Лайт" вакциналары бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0