Бийлик ишкерлик менен алектенген аялдарга насыя берип колдоону пландап жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Каржылоо мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Мындан тышкары, акча Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнөт.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда аялдардын ишкерлик менен алектенишин колдоо жана өнүктүрүү программасын кабыл алуу пландалып жатат.
Экономика жана каржы министрлиги 2021-2025-жылдарга карата программанын долбоорун коомдук талкууга койгон.
Негиздемеде бейрасмий эмгек рыногунда, айрым тейлөө жана соода тармагында эмгектенген аялдар көп экени айтылат. Ошондой эле чакан насыя алып өз алдынча иш кылгандар социалдык, пенсиялык жана саламаттык сактоо жаатындагы жардамдардан кол жууп жатканы белгиленет.
Член Ассоциации JIA Толкунбек Молдокматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Радио
Молдокматов: ишкерлерди текшерүү башталса көмүскө экономика күч алат
Салт менен менталитетке байланыштуу аялдарга карата айрым чектөөлөр экономика тармагында гендердик бөлүнүүнү күчөткөнү айтылды. Бул аялдардын орточо эмгек акысынын төмөндөшүнө алып келген.
Экономика министрлиги 2019-жылы өкмөт мындай программаны кабыл алуу планын билдиргенин эске салды. Ишкер аялдарга арналган долбоор министрликтер менен ведомстволордун эсебинен каржыланат.
Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жакынкы беш жылда аялдар башкарган компанияларга насыя берүү үчүн 12 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат. Банктын аялдар бизнесин каржылоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы 114 миллион бериши ыктымалдыгы белгиленди.
Мындан сырткары, аталган банк бизнести аркалаган аялдарга тренингдерден өтүп, кеп-кеңеш алышына миллион доллардан ашык каражат сарптамакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0