Күйөөмдүн көңүлүн төшөктө таба албай кыйналдым... Арданган аялдын каты

© Фото / Pexels/ BausoКол кармашып турган түгөй. Архив
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жолдошу менен мамилеси сууп, эмне кыларын билбей жаткан келиндин каты жарыяланды.
Саламатсызбы! Азыр жолдошум экөөбүздүн башыбызга эң татаал сыноолордун бири келди. Абалдан сиздердин кеңеш менен чыгып кетсем деген ниет менен кат жазып жатам.
Турмушка чыкканыма алты жылдан ашты. Жолдошум экөөбүз эки баланын ата-энеси болдук. Сырттан караган кишилерге жакшы жашап жаткандай көрүнгөнүбүз менен ич ара чоң көйгөй пайда болду. Ал — төшөк маселеси.
Күйөөгө 25 жашымда тийгем. Жолдошум менден эки жаш улуу. Экөөбүз көп деле сүйлөшкөн эмеспиз. Таанышкандан кийин бир айга жетпей үйлөнгөнбүз. Ага турмушка чыкканга чейин балдар менен деле жетелешип кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмесмин. Жумуш, ата-энеме жардам берейин деп жүрүп жеке жашоомду унутуп коюпмун. Көрсө, антпеш керек экен. Аны эми түшүнүп отурам.
Аялдар көчөдө сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кайнатам эжемди экинчи аялым бол деп жанын койбой... Ызаланган келиндин каты
Жакында эле жолдошум мага "төшөктө муздаксың" деп көңүлүндөгүдөй болбой жатканымды айтты. Бул сөз мага өтө катуу тийди. Чынын айтсам, өмүрү жигит менен сүйлөшүп көрбөгөн жаным төшөктө күйөөм айткан нерсени эле кылып, андан уяла берчүмүн. Жанымда жатса да ага көп ишенбей, жаныма жакындаткандан коркуп, тартына берер элем. Ошентсе да аракет кылчумун. Мунун баары таасир этти окшойт.
Күйөөмдүн сөзүн уккандан бери жанымды коерго жер таппай, дүйнө тар сезилип, эмне кыларымды билбей жүрөм. Кечирим сурайбы десем, сураган да жок. Кайра "башка бирөөнү таап алам" деп коркутту. Өзүмдү анын алдында бир байкуш сездим. Басып кетейин дейм, эки баламды аяйм. Анткени алар атасына аябай жакын. Кайын журтум да жакшы кишилер. Кайненем колума кол, бутума бут. Бирок күйөөң сага муздак мамиле жасап жатса анын баары эч нерсеге арзыбай калат экен. Азыр кетеримди же каларымды билбей, өзүмдү жалгыз сезип жаман болуп жүрөм. Кетсем башкаларга эмне деп айтам? Азыр жолдошум менен бир үйдө жашоо да кыйын болуп жатат. Бир чети аны көргүм келген жок, ага ушунчалык таарындым, ызаландым. Ошол эле учурда андан кетип да кала албай жатам. Чынын айтсам, аны жакшы көрөм. Бирок айткан сөздөрү улам кулагыма жаңырып, кечире да албай жатам.
Кырдаалдан кантип чыгам? Үй-бүлө очогун сактап калгым келет. Бирок күйөөмдүн көңүлү жок болсо мен жалгыз кантип сактап кала алам. Ошол эле учурда жолдошума баркымды сездиргим келип жатат.

Нуриза Батырбекова, психолог

Ар бир үй-бүлөгө ар кандай мезгилде кризис келет. Ошондой кырдаалдан туура чечим кабыл алып чыгып кеткен жубайлар кийинки жашоосун жакшы өткөрөт. Сиздердин үй-бүлөдө да азыр оңой эмес кырдаал жаралыптыр. Кризис болгондо айрымдарына "кетип калсамбы, таштап кетсемби" деген ой келет. Бирок ойлогон нерсени дароо жасап салган болбойт. Кетип калсаң эле жашооң укмуш болуп кетпейт. Биринчи көйгөйдү ачыктап, тактап, кеңешип, талдап алган жакшы. Андан кийин баары билинет. Эгер чындап эле чечилбей турган маселе болсо, анда ойлонсо болот. Анткени үй-бүлө, жубайлар ортосундагы мамилени кайра калыбына келтирүү оңой эмес.
Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты
Андан көрө азыр жолдошуңуз менен ачык сүйлөшкөнүңүз оң деп ойлойм. Бири-бириңерге таарынып жүрө берсеңер мамилеңер мындан да оорлошу мүмкүн. Балким ал да сизден ачык сүйлөшүүнү күтүп жүргөндүр. Кызыктай, ыңгайсыз тема болсо дагы отуруп алып кимге эмне жагарын ачык сүйлөшкүлө. Бири-бириңерге жардам берүүңөр керек. Сиз кандай жардамга муктаж болуп жатканыңызды айтып, керек болсо үйрөтүүнү өтүнүңүз. Аны менен мамилени кайрадан бекемдөө үчүн жакшы күндөрдү эстеп, мурдагы сүрөттөрдү көрүп чыксаңар да жардам бериши мүмкүн.
Анан бардык эле нерсе, анын ичинде жашоонун кызыгы үй-бүлө менен чектелбейт. Адамдын өзүнүн кызыккан нерсеси болот. Ошол нерсени өнүктүрсөң, ал өзүңдү түшүнүүгө жакшы жардам берет.
Анан ар кимден кеңеш сурай бербеш керек дээр элем. Бирөө бирди, экинчиси башка нерсени айтат. Ал адам силер менен жашап көрбөгөн соң эч нерсе билбейт, туура эмес багытта кеңеш берип, жыйынтыгы жакшы болбой калышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0