COVID "жашарды", бир жаштагы балдар ооруканага түшүүдө. Гүлжигит Аалиевдин маеги

© Фото / из личного архива Гулжигита АалиеваРеспубликалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев. Архив
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Коронавирус жаштарда көп катталып, буга кошумча, симптомдору менен кесепеттери өзгөрүүдө дейт Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев.
Соңку жумаларда ооругандардын саны өсүп, айрым шаарларда чектөөлөр киргизилди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Бишкектеги инфекциялык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев менен баарлашты. Бул жакка "кызыл" зонага кирген борбор калаадан тышкары облустун ар тарабынан бейтаптар келет.
— COVID-19 өскөнүн кайрылгандар билдирип жатса керек.
— Акыркы он күндүн ичинде бизге келгендердин саны менен ооруканага жаткандар көбөйдү. Мурда бир күндө 20-30 киши жатса, азыр 40ка чейин жетти. Жаш балдар да көп келүүдө. Ушу тапта 20дай бала дарыланууда.
— Илдет жуктурган балдардын жаш курагы кандай?
— 14 жашка чейинкилер. Эң кичинекейи бир жашка чейинкилер болууда.
— Ошондо бөбөктөрдө Кавасаки синдрому аныкталып жатабы?
— ПЦР-тест коронавирус деп эле көрсөтүп жатат. Пневмония менен же оору кабылдап кетип түшүп жатышат. Бирок жакшы жери — балдар бат эле сакайып кетишүүдө.
— Коронавирус "жашарды" десек болобу?
— Ооба, 20-30-40 жаштагылар көп, былтыр мынчалык эмес болчу. Азыр вирусту да оор көтөрүп, кыйналып келүүдө.
— Буга коронавирустун башка штаммдары да болуп жатканы себеппи?
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Радио
Шамырканова: шаардыктардын 80%ы эмделсе гана популяциялык иммунитет жаралат
— Болушу мүмкүн. Илимий изилдөө жүргүзүп аныктаса болот. Оор абалдан чыгаруу да кыйынга турууда. Бешинчи, жаңы протокол менен дарылап жатабыз, ага карабай кыйынчылыктар бар. Коронавирус башка органдарга залакасын тийгизүүдө. Мурда кандын уюшуна алып келет деп так билчүбүз. Азыр мээни жабыркатып, боорго, өпкөгө, бөйрөккө, жүрөккө зыян келтирип жатат.
— Симптомдору да өзгөрүп жатыптыр...
— Адатта жыт, даам билбей калгандарды ооруду десек, азыр ал да билинбейт, байкалса да башка белгилер менен коштолот. Учурда сасык тумоого кабылгандар аз, бирок сезондук аллергия күч алууда. Аны менен коронавирус бир убакта болсо оору кабылдап кетүү коркунучу бар.
— Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында орундар жана дары-дармектер жетиштүүбү?
— Жаңы курулган имаратты кошкондо жалпы 400 орун бар, азыр жетиштүү. Биз бишкектиктерди гана эмес, региондон келгендердин баарын кабыл алабыз, себеби дарылоо сапатыбыз жакшы. Толугу менен "кызыл" зонадабыз. Дары-дармек, кычкылтек аппараты жана башка каражаттар жетиштүү. Менимче, былтыркыга салыштырмалуу кырдаалга даяр болуп калдык.
— Дарыгерлер кандай тартипте иштеп жатат?
— Мурда 14 күн иштесе, кайра 14 күн обсервацияга кетишчү. Азыр медиктердин саны аз, өзүбүздүн оорукананын ак халатчандары дарылоону да жакшы өздөштүрүп алды. Ошондуктан эс алууну жана ишке чыгууну 5 жана 7 күнгө чейин кыскартканбыз. Керектүү кызматкерлер үйүнө барбай да иштеп калышууда, албетте, өздөрүнүн макулдугу менен. Дарыгерлердин бардыгы вакцина алган.
— Оорулуулардын тамак ташып келген жакындарын ичке киргизбейсиздер да?
— Киришпейт. Тамак киргизип койчу деген суранычтардан улам кызматкерлерди койгонбуз. Алар эки этап менен жеткиришет. Ооруканага кире турган жерден бөлүмгө чейин бирөө, бөлүмдөн палатага чейин башкалар алып кетет.
— Оорунун өсүп кетишине өзүбүздүн да күнөөбүз бар деп ойлойм.
Офтальмолог Аида Жолочиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Офтальмолог: көзүм деп келген кишиден башка оору таап, аман алып калганбыз
— Айрымдар кайдыгер мамиле жасап жатышат, ооруга көнө түшүштү окшойт. Азыр деле үйүндө жата берип же элдик медицинанын ыкмасын колдонуп оор абалда келгендер бар. Коронавирустун алгачкы белгилери пайда болор замат медиктерге кайрылыңыздар, симптомдорун жаттагыдай болдук. Баягы эле эрежелер — бет кап тагынып, аралыкты сактап, антисептик колдонуңуздар жана той-аштарды токтото туруңуздар.
— Бул суроону бербесем болбойт. Ооруканада бейтаптарга уу коргошунду да сунуштайсыздарбы?
— Биз бешинчи протоколдун негизинде гана дарылап жатабыз. Бир гана бешинчи протокол!
Жаңылыктар түрмөгү
0