Малга сайылчу дары-дармекти көзөмөлдөгөн электрондук программа иштелип чыкты

© Sputnik / Владимир Корнев / Медиабанкка өтүүУколго дары алып жаткан ветеринар. Архив
Уколго дары алып жаткан ветеринар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Программанын жардамы менен инспекторлор, жеке ветеринарлар жана фермерлер малдын абалын өз убагында биле алышат.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөй турчу электрондук программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, электрондук программа министрликтин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Германиянын эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте иштелип чыккан.
"Бул IT продукт инспекторлорго, жеке ветеринарларга жана фермерлерге малдын абалын өз убагында билүүгө жардам берип, кандай ветеринардык препарат сайылганын, электрондук рецепттер аркылуу дары-дармектердин сатылышын жана колдонулушун көзөмөлдөп турат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган программа Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда пилоттук негизде сыналганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0