Бизнесмен Генрих Балян мамлекетке канча акча төлөшү керек? УКМКнын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги УКМК имараты. Архив
Бишкектеги УКМК имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Буга чейин ишкер УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которгон. Кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. "Карвен Групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян мамлекетке буга чейин алган кредитинин суммасы менен күрөө боюнча айырманын суммасын төлөп бериши керек.
© Фото / Karven Four Seasons"Карвен Групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян
Владелец ассоциации компаний Карвен групп Генрих Балян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Карвен Групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян
Балян алдамчылыкка айыпталып, 15-июнда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы айтылган. Бул үчүн ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү өтө жогору баалап (670 миң доллар) күрөөгө койгондугу маалымдалган.
УКМКдан билдиришкендей, эми Балян буга чейин которгон 60 миллион сомду (710 миң доллар) эске алганда мамлекетке 2,3 миллион доллар төлөп бериши керек.
"Күрөөгө коюлган объект боюнча чыгымды банк эсептеши керек", — дешти УКМКдан.
Эске салсак, буга чейин сот Баляндын баш коргоо чарасын карап, 15-августка чейин үй камагына чыгарган. Сот анын мамлекетке 60 миллион сом которгонун эске алган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0