Жалал-Абадда жоголгон 13 жаштагы бала табылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүҮйдүн коридорундагы өспүрүм. Архив
Үйдүн коридорундагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Буга чейин Жалал-Абадда өспүрүм чоң энесинин үйүнөн чыгып кетип кайра кайтып келбегени кабарланган. Милиция аны табууга элден жардам сураган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Жоробек Акимжанов табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, баланы табуу үчүн Жалал-Абад шаардык милициясы рейд жүргүзгөн. Натыйжада өспүрүм калаадагы белгисиз адамдын үйүндө анын балдары менен чогуу жашап жүргөнү аныкталган.
"Жоробек милицияга алып келинип, апасына берилди. Энеси укук коргоочуларга ыраазы экенин айтты", — дешти ШИИБден.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадда 13 жаштагы бала чоң энесинин үйүнөн чыгып кетип кайра кайтып келбегени кабарланган. Милиция аны табууга элден жардам сураган.
Жаңылыктар түрмөгү
0