Мектеп курагындагы бала келечектеги кесибин тандай алабы. Адистин жообу

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКыздар мектепте окуу учурунда. Архив
Кыздар мектепте окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Өнүгүү жана билим алууну пландоо боюнча адис ата-энелерди балдарды өз алдынча чечим кабыл алып, өзүнүн жан дүйнөсүн, жүрөгүн тыңшоого үйрөтүүгө чакырат.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Балага мектеп курагында кайсы бир кесипти таңуулоонун зарылдыгы жок. Бул нерсе келечекте адамды бактысыз кылып коюшу мүмкүн. Мындай бүтүмдү баланын өнүгүүсүн жана билим алуусун пландоо боюнча адис Тимур Жаббаровго таянып РИА Новости агенттиги жазды.
"Бала мектеп курагында ата-энесине таасирленип же өзгөчө шыгы болуп эле келечектеги кесиби тууралуу билбесе, окуучулардын басымдуу бөлүгү кийин эмне иш кыларын элестете дагы албайт. Бул нормалдуу көрүнүш. Айрым учурда 5-класстын окуучусу эмес, 20 жаштагы жигит-кыздар дагы ким болгусу келерин билишпейт", — деди Жаббаров.
Андыктан адис окуучуну кайсы бир ийримге кыйнап алып баруу туура эмес экенин айтат.
Мектептеги сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Балага идеалдуу репетиторду кантип тандаш керек
"Ар кандай ийримдерге барыш керек. Бирок бала тил курсуна барса келечекте котормочу болот, футболго барса бир нече жылдан кийин улуттук курама команданын оюнчусу болот деп ойлобош керек. Мектеп курагында катышкан ийримдер балага көбүнесе кесип тандоо үчүн эмес, өзүн ар тараптан өнүктүрүү үчүн зарыл", — деди ал.
Ошондой эле Жаббаров ата-энелерди баланы шаштырбоого, кысымга албоого чакырат. Анын айтымында, мындай учурда бала өзүнүн жан дүйнөсүнө жакпаган кесип тандап алып, келечекте бактысыз болуп калышы толук мүмкүн.
Андан көрө балдарды өз алдынча чечим кабыл алып, өзүнүн жан дүйнөсүн, жүрөгүн тыңшоого үйрөтүүгө үндөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0