08:56 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2730 0 0

Буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары бийлик Жогорку Кеңештин имаратынын айланасына кайрадан темир тосмо коерун жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ак үйдүн айланасына кайрадан тосмо коюлуп курчалбайт. Болгону унаа токтотуучу жайы гана иретке келтирилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.  

Эске салсак, буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары бийлик Жогорку Кеңештин имаратынын айланасына кайрадан темир тосмо коерун жазып чыгышкан.   

"Ак үйдүн батыш тарабы да, чыгыш тарабы да ачык болот. Болгону автоунаа токтотуучу жайды иретке келтирип, шлагбаум коюлат. Шлагбаум кайсы тарабында болору азырынча караштырылып жатат. Ак үй кайрадан темир тосмо менен курчалбайт", — деди Куралбекова.  

Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айынын башында Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Ак үй имаратын курчап турган темир тосмолор алынган

5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Кийин Жогорку Кеңештин төрагасы да аны алып салууну сунуштаган.  

Негизи Ак үй темир тосмо менен Аскар Акаевдин убагында курчалган.

Тема боюнча

"Э" дебе мага!" Депутаттар Кемелов менен Мурашев мушташып кете жаздады. Видео
"Хуйман" деп күлкүгө калган депутат Бакиров элге жооп берди. Видео
Белгилер:
Ак үй, темир тосмо, парламент, жооп

ЭҢ МААНИЛҮҮ