Кыргызстан мөңгүлөрдү коргоо боюнча ЮНЕСКОнун алкагында демилге көтөрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушу учурунда
Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Өлкө башчы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүүнү көздөп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алып жатып айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу бүгүн болуп, анда ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алып жатып айтты
Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алып жатып айтты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алып жатып айтты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу бүгүн болуп, анда ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду
Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу бүгүн болуп, анда ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу бүгүн болуп, анда ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду
1/2
Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алып жатып айтты
2/2
Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу бүгүн болуп, анда ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду
Мамлекет башчысы БУУ тутумунун Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, уюмдун агенттиктерине туруктуу өнүктүрүү жаатында өлкөдөгү ишмердиги жана Баткен облусуна көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Жапаров чек ара аймактарынын тургундарынын жашоо-шартын жакшыртуу маанилүү экенин белгилөө менен чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын, максаттуу долбоорлорду биргеликте ишке киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөр барган сайын актуалдуу болуп бараткандыгына токтолуп, Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрө тургандыгына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Президент эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөп жатканын билдирип, БУУну бул багытта бирге иш алып барууга чакырды.
Мирьяна Сполярич Эггер өз кезегинде БУУнун түзүмдөрү өлкөнүн чек ара райондорунун жашоочуларына кошумча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жаткандыгын баса белгиледи.
Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Садыр Жапаров Сауд Арабия падышасын Кыргызстанга чакырды
"Ал аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча иштерди канааттануу менен белгилеп, алардын коом турмушундагы активдүү ролуна токтолду. Мирьяна Сполярич Эггердин айтымында, Кыргызстан региондогу өлкөлөрдүн арасында бул багытта алдыңкы орунду ээлейт", — деп айтылат маалыматта.
БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы учурда Өнүктүрүү программасы иштелип жаткандыгын, анын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүү каралып жатканын маалымдады.
Ошондой эле ал айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча экологиялык долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0