ИИМ: тергөө кызыкчылыгынан улам Инандыны издөө иши толук жарыяланбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандык Орхан Инандыны издөө иши ички иштер министри, генерал-майор Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Орхан Инандыны табуу үчүн жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү боюнча толук маалымат берилбейт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Кыргызстандын бүт аймагы боюнча издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Жалпы жонунан ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган.
Мындан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү тергөө иши жүргүзүлүп жатат.
"Кыргызстандык Орхан Инандыны издөө иши ички иштер министри, генерал-майор Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө", — дешти ИИМден.
Орхан Инандыны табуу боюнча масштабдуу иш улантылып жатканы кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаров менен Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жапаров Эрдогандан дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды жөнүндө сурады
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0