Ысык-Көлдөн кайсы шаарларга учуп кетсе болот? Тизме жана график

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы аэропортундагы учак. Архив
Тамчы аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Россиянын шаарларына баруу үчүн түрдүү авиалиниялардын чартердик каттамдары бар. Алардын учактары дээрлик күн сайын каттайт.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Ысык-Көлдөгү аэропорттон кайсы шаарларга учса болору тууралуу маалымат берди.
Бул аба терминалынан Россиянын шаарларына чартердик рейстер менен учуп кетсе болот. Компаниядан өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин эскертишти.
  • Москва — Тамчы — Москва, "S7 Airlines", "Урал авиалиниялары" (шейшемби, шаршемби);
  • Санкт-Петербург — Тамчы — Санкт-Петербург, "Nordwind Airlines" (дүйшөмбү);
  • Минеральные Воды — Тамчы — Минеральные Воды, "Урал авиалиниялары" (шейшемби);
  • Ростов-на-Дону — Тамчы — Ростов-на-Дону, "Nordwind Airlines", "Урал авиалиниялары" (дүйшөмбү, жума);
  • Уфа — Тамчы — Уфа, "Урал авиалиниялары" (жума);
  • Екатеринбург — Тамчы — Екатеринбург, "Урал авиалиниялары" (ишемби);
  • Новосибирск — Тамчы — Новосибирск, "S7 Airlines" (жекшемби).
Жаңылыктар түрмөгү
0