Эркин жүргөн эркек табышкер болот. Издешпей табышкан Акбар менен Кундуз

© Sputnik / Табылды КадырбековПевец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору — жумушта, үйдө, чыгармачылыкта бири-бирине арка-жөлөк, эриш-аркак болуп келе жаткан ырчы Акбар Сүйүнбаев жана анын келинчеги журналист, алып баруучу Кундуз Казыбек кызы болду.
Коноктор жубайлар ортосундагы ишеним, сый, сабырдуулук, эркектин үйдөгү орду тууралуу кызыктуу пикирлерин айтышты.
— Акбар мырза, сахнадан сизди көп көрбөй калдык. Ырчылыкты таптакыр таштадыңызбы? Азыр кайда иштеп жатасыз?
Акбар Сүйүнбаев: — Ырчы катары көп көрүнбөй калганымдын себептери бар. Жаштыктын оту, күчү менен ырчы болгонбуз. Кийин үй-бүлөлүк шарттан улам жан дүйнө тынчтыкты каалап сахнадан оолак болуп кеткеним чындык. Бирок чыгармачылыктан такыр эле алыстап кеттим дебейм. Анткени ошол эле чөйрөдө кесиптештериме ыр жазып берип, студияда иштеп жатам. Ырчы катары бир аз тыныгуу жасагам. Эми кайра дем-күч топтоп алып сахнага, чыгармачылыгыма кайтып келүүдөмүн. Мурда жылына 1-2 ыр жаздырсам, азыр студия ачып андан көп жаздыра баштадым. Жаңы дуэт чыгат. Жакшы пландар көп.
© Фото / Максат БорбашовАкбар Сүйүнбаев менен Кундуз Казыбек кызы жубайлар ортосундагы ишеним, сый, сабырдуулук, эркектин үйдөгү орду тууралуу кызыктуу пикирлерин айтышты.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Акбар Сүйүнбаев менен Кундуз Казыбек кызы жубайлар ортосундагы ишеним, сый, сабырдуулук, эркектин үйдөгү орду тууралуу кызыктуу пикирлерин айтышты.
— Үй-бүлөлүк шарттан улам да ырчылыктан четтеп калдым деп жатпайсызбы. Муну кандай түшүнсө болот?
А.С.: — Биринчиден, эс алгым келди. Мурда жаныбыз тынбай, үйгө токтобой гастролдоп жүрчүбүз да. Айрым учурда айлап кетип калчубуз. Мындай учурда түшүнбөстүк жаралат. Бирок Кундуз менин чыгармачылыгыма тоскоол болгон жок. "Ырда" деп эле турат. Анан балалуу болгондон кийин убактымдын көбүн ошолорго бөлөйүн деп ырчылыктан оолак болуп кеттим. Балалуу болгондон кийин эң чоң бакыт үй-бүлө экенин сезет экенсиң. Алардын күлкүсүн, басканын, сүйлөгөнүн көрдүм. Бул учурда колдоо көрсөтүп келинчегимдин жанында болдум. Кеткен убактым үчүн эч өкүнбөйм.
— Кундуз, сизди радиодон тышкары YouTube-канал иштетип жүргөнүңүздү билебиз. Ошол тууралуу айтып бересизби?
Кундуз Казыбек кызы: — Журналистика тармагын бүтүргөндөн кийин ал кесиптен алыстай алган жокмун. Кичүү уулум азыр 1,5 жашта. Ага карабай радиодо эмгектенип, андан сырткары, Solo YouTube каналын, үн жаздыруучу студияларды иштетип жатабыз. Азыркы медиабызды келечекте холдингге айландырсак деген планыбыз бар.
© Фото / студия "Райымбек"Кундуз Казыбек кызы: азыр үйдө отурган заман эмес. Эгер аял убактысын туура пайдаланса, анан жолдошуң тараптан жакшы колдоо болсо, баарына жетишсе болот.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кундуз Казыбек кызы: азыр үйдө отурган заман эмес. Эгер аял убактысын туура пайдаланса, анан жолдошуң тараптан жакшы колдоо болсо, баарына жетишсе болот.
— Балаңыз кичинекей экен. Үй-бүлө, бала кароо, жумуш, мунун баарына кантип жетишесиз?
К.К.: — Азыр үйдө отурган заман эмес. Эгер аял убактысын туура пайдаланса, анан жолдошуң тараптан жакшы колдоо болсо, баарына жетишсе болот. Мисалы, өткөндө мен кечки саат тогузда Түркия менен бир долбоорду алып баруу үчүн жумушка бардым. Эгер жолдошум ошол учурда мени колдобосо, жумушка кечки саат 9да бара алмак эмесмин да. Үй-бүлөң сени колдоп турса, бардык жагына жетишсе болот деп ойлойм. Албетте, "балдарыма жетиштүү көңүл бура албай жатам" деген ойлор келет. Бирок аларга да убакыт бөлүүгө аракет кылам. Мындан сырткары, Акбардын жумушу бизге ыңгайлуу, графиги эркин. Ал ишке каалаган убагында барат. Эгер менин жумуштарым чыгып калса, балдарды Акбар менен таштап коём. Сарсанаа болбойм, атасы балдарын жакшы карайт, көңүлүм ток.
Апаларыбыз да бизге арка-жөлөк. Азыр кичүү уулубузду үйдө апам карап жатат, улуулары айылга чоң ата, чоң энесинин үйүнө кетишкен.
Театр өкүлдөрү Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
"Айга-күнгө теңегис". Издешпей табышкан Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова
А.С.: — Сөзүңөргө аралжы. Бизде апаларыбыз бар, бактыбыз бар. Кундуз экөөбүздү апаларыбыз аябай түшүнүп колдошот. Кандай кыял, планыбыз болбосун ошолор менен бөлүшүп, билбегенибизди алардан үйрөнүп, алар билбегенди биз үйрөтүп ынтымакта жашайбыз. Менин апам менен Кундуз жакшы. Экөө жакшы сүйлөшөт, сырдашат. Сарсанаа болбой апама балдарды таштап кете берет. Ал эми Кундуздун апасы менен мен жакшымын. Ачык сүйлөшө алам. Ал киши мени дайыма колдоп, чыгармачылыктан тыным алып калганыма кейип "сен ырдашың керек, сахнага чыгышың керек" деп турат.
Кундузга "кантип баарына жетишесиңер?" деген суроо берип өтпөдүңөрбү. Азыр убакыт тез өткөн, динамикалуу заман. Иштеп турбасаң көп нерсеге жетишпей, артта каласың. Азыр бири-бирибизди колдой турчу эле заман.
Жаш үй-бүлөлөр эмнеден улам көп урушат? Баягы эле көр-тирилик. "Эмнеге тамак жок, эмнеге үй жыйналбай калды" деген болбогон майда-чүйдө үчүн урушушат. Биз мындай нерселерди жоюп койгонбуз. Маанилүү жумуш чыгып калдыбы, ташта, кара курсак тоёт. Жубайлар бири-бирин колдоп турса, ишенсе, бири-бирин жакшы көрүп сыйласа жумуш кечинде, түндө деле бүтө берет. Башкысы — колдоо, ишенүү керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековАкбар Сүйүнбаев: жубайлар бири-бирин колдоп турса, ишенсе, бири-бирин жакшы көрүп сыйласа жумуш кечинде, түндө деле бүтө берет. Башкысы — колдоо, ишенүү керек. —
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Акбар Сүйүнбаев: жубайлар бири-бирин колдоп турса, ишенсе, бири-бирин жакшы көрүп сыйласа жумуш кечинде, түндө деле бүтө берет. Башкысы — колдоо, ишенүү керек. —
Таанышып, табышкан күнүңөрдү эстеп айтып бересиңерби?
А.С.: — Кундузду башында эмгекчил кыз катары таанычу элем. 2006-2007-жылдары биздин концерттерибизге жардам берип, Асыл, Динара эжелер менен чогуу иштешчү. Алар Кундузга ишеним артарын көп көрүп калдым. Концерттерибизди койгондо Кундуз буту-бутуна тийбей тыпылдап иштеп жүрчү. Мен анда аны кыйын кыз катары көргөм, жубай катары көргөн эмесмин.
Актер Эржан Осмонов менен келинчеги актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жаштык, сахна, бала. Издешпей табышкан Эржан Осмонов менен Махабат Асанбекова
Кийин эфирге маекке чакырып калды. Маек алып жатып "бетиңизге кандай кам көрөсүз?" деген суроо берди. Анда мен бетиме деле кам көрчү эмесмин, бир аз көйгөйлөр да бар эле. Анан "бетиме деле кам көрбөйм, жөн эле кир самын менен жууп коём" деп тамашалагам. Ошол эфирден баштап экөөбүз жазышып, анда-санда ал-абалыбызды сурашып калдык. Анан саламдашуулар достукка айланып, достук сезимдерге айланып, Кундузду эмнегедир бат-баттан көргүм келе баштады. Аны көрүш үчүн атайын иштеген жерине барам. Таппай кеткен күндөр да болду. Кыздардан сүрдөбөгөн эле жан элем, Кундузга жолукканда сүрдөйм, ал менден уялат. Ошентип бири-бирибизге болгон сезимди байкап жакын болуп кеттик. Кыз-жигит болуп жүргөндө да эң сонун күндөрдү өткөрдүк. Үч баланын ата-энеси болсок дагы азыркыга чейин кыз-жигиттей элебиз.
К.К.: — Жакындарыбыз "мамилеңер кыз-жигиттердикиндей, ээ" деп айтып калышат. Ортодо сый болсо, ошондой эле жүрөт экенсиң.
— Кундуз, ырчы жигитке турмушка чыгууга дароо эле макулдуңузду бердиңиз беле?
— Айрымдар "ырчы болсо кандай болуп калат" деп айтышкан. Ал учурда башкача түшүнүк эмес беле. Акбар ал учурда өзүнчө жылдыз болсо, мен да радиодо жылдыз болчумун (күлүп). Ортодогу мамилеге сенин статусуң, абалың маанилүү эмес деп ойлойм. Эң башкысы — сезим.
© Sputnik / Табылды КадырбековАкбар Сүйүнбаев: эркек сыртынан эмес, жан дүйнөсүнөн эч качан кысылбаш керек деп билем. Бизде андай кысым кудай жалгап болгон жок. Мисалы, башка жакка жумуштарым менен канча күн кетсем дагы жубайыма "эмнеге, ким менен" деп тажатпайт.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Акбар Сүйүнбаев: эркек сыртынан эмес, жан дүйнөсүнөн эч качан кысылбаш керек деп билем. Бизде андай кысым кудай жалгап болгон жок. Мисалы, башка жакка жумуштарым менен канча күн кетсем дагы жубайыма "эмнеге, ким менен" деп тажатпайт.
— Жогоруда аял менен эркектин ортосунда сый болушу керек деп айттыңар. Ошону жоготуп албаш үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуздар?
К.К.: — Бул адамдын өзүнөн го. Биз сүйлөшүп жүргөндө эле Акбар "ортобузда сый кетпеши керек, көңүл оорутпасак эле башка нерсенин баары табылат" деп мени тарбиялап койгон. Негизи экөөбүз урушпайбыз. Баш кошконубузга 11 жыл болду, көз тийбесин, катуу деле урушуп көргөн эмеспиз. Таарынышып калган учурлар болот. Адам эмоциясын кармай билгенди үйрөнүшү керек деп ойлойм. Ошол учурда сабырдуу болуп, өзүңдү кармап, унчукпай калуу — жубайыңа болгон сый. Эгер сый болсо уруш, таарынычтын баары чымын черткенче болбойт.
Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Бир көрүп сүйгөм. Издешпей табышкан Жолдош Жанжигит уулу менен Анара Ажыканова
А.С.: — Кундуз дайыма күлүп жүрчү, азыр да ушундай. Сүйлөшүп жүргөндө "Дайыма күлүп жүрөсүң. Сени ар качан ушундай көргүм келет, ыйлаганыңды көргүм келбейт, ошол себептен ыйлатпайм" деп айтчумун. Баш кошкондон кийин укмуш жашап кеткен жокпуз. Үй-жайыбыз жок, батирлеп жүргөн күндөр болду, кыйналдык. Кээде батирге акча таппай калган күндөр өттү. Бирок кыйын кырдаалда түшүнүшүп жеңдик. Жубайым бир да жолу "ушинтип эле жүрө беребизби, акча таппайсың" деген жок. Мага толук ишенди. Бир сом акчабыз жок калган күндө дагы "буюрса жеңебиз, ээ, буюрса баары болот" деп жүрүп акыры жеңдик. Азыр, Кудайга шүгүр, үй-жайыбыз бар, жакындарыбыз аман-эсен кашыбызда дегендей. Эгер Кундуз ошол учурда "таппайсыңбы, карачы башкаларды" десе, балким, башкача болмоктур. Негизи мындай суроолор эркектерди артка эле тартат.
Кундуз мен бир жакка кеткенде "качан келесиң?" деп кыйнап, кызганып чалган эмес. Экөөбүз башында эле сүйлөшүп алганбыз. Анан баарын ачык айтып, сүйлөшкөндү, акылдашып иш кылганды жакшы көрөбүз. Кандай маселе болбосун Кундузга "ачык айт" дейм. Айтат. Эркек киши уга да, айта да, башкара да билиши керек деп ойлойм.
Анан эркек киши негизи эркиндикте болушу шарт. Эркек сыртынан эмес, жан дүйнөсүнөн эч качан кысылбаш керек деп билем. Бизде андай кысым кудай жалгап болгон жок. Мисалы, башка жакка жумуштарым менен канча күн кетсем дагы жубайыма "эмнеге, ким менен" деп тажатпайт. Аны ушул сапаты үчүн жакшы көрүп, ал тургай, тескерисинче, сагынып келем. Айрымдар күйөөсү бир жакка кете электе эле "каякка жеттиң, кимдер менен жүрөсүң?" деп сурай беришет.
© Фото / Максат БорбашовКундуз Казыбек кызы: бир тармакта иштегендин жакшы жери — бириңди бириң жакшы түшүнөсүң. Жолдошум башка тармакта иштесе мынчалык ийгилик жарата алмак эмес болушум керек деп ойлойм.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кундуз Казыбек кызы: бир тармакта иштегендин жакшы жери — бириңди бириң жакшы түшүнөсүң. Жолдошум башка тармакта иштесе мынчалык ийгилик жарата алмак эмес болушум керек деп ойлойм.
— Жубайлардын бир тармакта иштегени жакшыбы же кемчиликтери көп болобу?
А.С.: — Биздики эми жалпысынан бир тармак болгону менен экөөбүздүн жумуш эки башка. Негизи жубайыңдын ишиңди түшүнүп билип турганы жакшы деп ойлойм. Мен башынан эле аялым өзүмдүн эле чөйрөмөн болсо экен деп ойлоп, кыялданып койчумун. Ал кыялды Кудай бир эмес эки эселеп берди деп ойлойм. Себеби Кундуз мени түрткүлөп эле турат. "Ырда, эмнеге мындай кийинип алдың, жаңы көйнөк ал" деп турат. Анын баары түшүнүккө жатат да. Жубайлар бир тармакта болгондо башкаларды көрөт, акча кандай табылып жатканын түшүнөт. Мисалы, достордун арасынан көбүнүн аялы башка тармактан. Алар бизди жыргап жүргөндөй, аябай акча таап жаткандай элестетип сурамы да көп болот. Эми андайды көрүп-угуп эле жатабыз. Бир чөйрөдөн болгондо кандай учурда бекер ырдап, кайсы жактан акча алып жатканыбызды жакшы билип турушат. Ошонусу менен жакшы деп ойлойм.
К.К.: — Бир тармакта иштегендин жакшы жери — бириңди бириң жакшы түшүнөсүң. Жолдошум башка тармакта иштесе мынчалык ийгилик жарата алмак эмес болушум керек деп ойлойм. Мен Акбарды түшүнбөгөндө, маселен, гастролдоп жүргөндө чалып, түшүнбөй ар нерсени айтсам үй-бүлөлүк мамилеге доо кетсе керек.
— Кызганчааксыздарбы?
А.С.: — Мен кызганчаакмын. Кызганган күндөрүм көп эле болгон. Эфирден кечигип калган күндөрү жумушуна барып алып кетип калчумун. Азыр деле ушундай. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот да.
К.К.: — Мен чектен ашып деле кызганбайм. Кызганчу учурда кызганам.
© Фото / Тахмина КайымоваАкбар Сүйүнбаев: уулдарымды катуу деле кармабайм. Жогоруда айтып өткөндөй, эркек киши эркин болушу керек.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Акбар Сүйүнбаев: уулдарымды катуу деле кармабайм. Жогоруда айтып өткөндөй, эркек киши эркин болушу керек.
— Үч уулуңуз бар экен. Эркектерге атанын тарбиясы да маанилүү эмеспи. Акбар байке, катуу кармайсызбы?
А.С.: — Катуу кармабайм. Жогоруда айтып өткөндөй, эркек киши эркин болушу керек.
— Эмнеге эркиндикте болгону жакшы деп ойлойсуз?
А.С.: — Эркек кишинин эркиндиги тыйылганы ишинин артка жылганы деп билем. Андай учурга көп эле күбө болуп калдым. Эркек киши кысылган сайын адамдардан оолак болуп калат экен. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде дегендей мурда аталар үйдө отурчу эмес. Ошонусу менен эркек болгон. Азыркы замандын эркектери көңүлчөөкпүз. Аялдарыбыздын койнунан чыккыбыз келбейт. Үйгө ырыскынын булагын эркек киши алып келет. Аны табыш үчүн ар кандай жолугушуу, сүйлөшүүлөр болот. Аялы аңдып эле күйөөсүн эч жакка чыгарбай отурса кайдан иштеп, акча тапмак эле. Эркин өскөн эркек үй-бүлөгө да бекем болуп, табышкер болот деп ойлойм. Мисалы, окуп жүргөн кезде мен үйдүн эң эле тентеги болчумун. Кийин кагылып, согулдум. Азыр ата-энеме аябай жакынмын. Негизи талаа-түстү, бар-жокту көргөн адам эч убакта жаман болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0