Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүБет капчан киши кол чатыр менен жаан учурунда
Бет капчан киши кол чатыр менен жаан учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
16-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…23 градуска ысыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0