Жасалма диплом жасатып, чырга аралашкан жетекчилер менен депутаттар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАткаминер соттун залында. Архив
Аткаминер соттун залында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жогорку окуу жайдан окуган деп жасалма диплом алгандар аныкталган фактылар мезгил-мезгили менен чыгып турат. Мындай документтер ал тургай тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринен да табылып келет.
Жакында эле УКМК Жогорку Кеңештин депутаты З. Т. З. жасалма диплом алган деп шектелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан окуудан чыгарылган. Буга билим алуунун акысын төлөбөгөнү себеп болгон. ЖКнын депутаты жасалма дипломду экинчи жогорку билим алуу үчүн, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде дагы колдонгон. Белгилей кетсек, бул инициалдар ЖК депутаты, учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Төрөбай Зулпукаровго туура келүүдө. Ал Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип жатат.
Sputnik Кыргызстан бийликтин дагы кайсы өкүлдөрүнөн жогорку билим боюнча жасалма диплому чыгып калганын тизмектеди. Бир катар фактылар ачык маалымат булактарынан алынды.

Депутаттын диплому

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ЖКнын V чакырылышынын депутаты Нурлан Төрөбеков жасалма диплом менен жүргөн. Анын аталган документти класстык чин алуу үчүн колдонгону айтылган.
Башкы прокуратура 2003-жылы 23-декабрда 5-курстан окуудан чыгып калганын билдирген. Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин маалыматы боюнча, ага диплом берилген эмес жана каттоо китебинде катталбаган. Мындан тышкары, экс-депутат көрсөткөн дипломдун номериндеги документ таптакыр башка жаранга берилгени маалым болгон.
Төрөбеков 2016-жылы августта каза болгон.
Афроварк, Хуйман. Министр менен ЖК депутатынын жарыша жаңылган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
"Афраварк", "Хуйман". Министр менен ЖК депутатынын жарыша жаңылган видеосу
Бишкек ШИИБи мэрия кызматкеринин жасалма диплом менен иштеп жүргөнүн аныктаган. Ал Бишкек шаарынын Жеке менчик боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Өмүралиев болуп чыккан. Бул туурасында ЖМКлар 2015-жылы жазган. Аталган жаран жумушка орношуу маалында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин 1998-жылы аяктагандыгы тууралуу дипломун көрсөткөн. Тергөө маалында университет тарабынан мындай диплом берилбегени аныкталган.
Бул окуядан кийин аткаминер иштен кетүү боюнча арызын жазып, бирок анын диплому жасалма эмес деген.
2016-жылы кайра эле Улуттук университеттин жетекчилиги милицияга кат жолдоп, анда алардын Ош шаарындагы филиалында диплом менен окуу жайда окуп жатат деген документти мыйзамсыз берип жаткандыгын билдирген. Тергөө учурунда Ош калаасы боюнча Мамэкотехинспекциянын мурдагы жетекчиси Галмамат Анапияевге мыйзамсыз түрдө "каржы жана кредит" адистиги боюнча диплом берилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон.
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Былтыр өлкөдө ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин диплому боюнча чыр чыгып, коомчулуктун реакциясын жараткан. Ага социалдык тармак аркылуу Абылгазиевди 90-жылдардагы Кыргызстан эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн биринин Абылгазиевди ошол кездеги студенттердин арасынан кезиктирбегенин айтып чыкканы себеп болгон. Кийинчерээк аталган окуу жайдын академиялык консорциумунун камкорчулар кеңешинин төрагасы, УИАнын академиги Асылбек Айдаралиев аткаминердин магистратурадан окугандыгын билдирген.

Тартип коргоо органдарынын дипломдору

2011-жылы Башкы прокуратура ЖАМКтын Департаментиндеги куралдануу жана инженердик-техникалык байланышты камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Коробкиндин жасалма диплом алгандыгын билдирген. Аталган документти Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 2001-жылы берген. Аталган факты боюнча кылмыш иши ачылган.
Прокуратуранын маалыматына караганда, жасалма документ Коробкинге кызматтык тепкич менен көтөрүлүп, аскердик жогорку наам, ал тургай полковникке жетүүгө жардамчы болгон. Андан сырткары айлыгы көтөрүлгөн. Шектүүнүн мындай кадамы менен мамлекетке 800 миң сом зыян келтиргени айтылган.
2015-жылы жасалма диплом менен 8 жыл иштеп келген милиция кызматкери кармалган.
Председатель ГРС КР Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Этика менен сураңыз! Догоев кабагын салып депутат Атазовду чычалатты
УКМК ал кызматкер кызматтан жогорулоо үчүн 2007-жылы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун алганын билдирген. Текшерүү учурунда анын аталган окуу жайда окубагандыгы белгилүү болуп, бул фактынын негизинде кылмыш иши козголгон.
2018-жылы Башкы прокуратура И. М. аттуу жарандын бир тууганы дипломун жасатып алып 1997-жылы ЖАМК системасына ишке киргенин аныктап чыккан. Жасалма документтин жардамы менен ал киши 20 жыл жазык аткаруу тутумунда ар кандай кызматта иштеген. 2016-жылы ЖАМКтын алдындагы "Келечек" деп аталган № 8 мамлекеттик ишканага директорлукка дайындалган.
Жогорудагы дипломдун жардамы менен 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин алдындагы Кесипти өркүндөтүү жана кайра даярдоо институтунун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган. 2,5 жылдан кийин аны аяктап, мурдагы "жогорку билиминин" базасынын негизинде "юриспруденция" боюнча адистик алып чыккан. Башкы прокуратура аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0