Ичкенден кийин автоунаа айдоого болбой турган дарылардын тизмеси

© Фото / Pexels/ JESHOOTS.comДары ичип жаткан кыз. Архив
Дары ичип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Эксперт курамында фенобарбитал, кодеин жана алкоголу бар дарыларды рулда жүргөн киши абайлап ичиши керектигин айтты.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Автоунаа айдаганда кайсы дарыларды ичпеш керектигин Россиядагы автоунаа ээлеринин укугун коргоо боюнча комитеттин жетекчилеринин бири Александр Холодов Sputnik радиосуна айтып берди.
Ал жолдо жүргөн айдоочулар дары ичерде ар бир нускаманы кылдаттык менен окуу зарылдыгын айтты. Кагазда автоунаа айдагандар туурасында жазылбаса да препараттын курамын дыкаттык менен карап чыгуу маанилүү.
"Көп дарылардын нускамасында эгерде адам автоунаа менен жүрсө ичкенге болбойт деп айтылат. Бул кишини "уктата" турган жөндөмгө ээ экендиги, тагыраагы, бир нерсеге көңүл коюуну начарлатары туурасындагы эскертүү. Курамына кодеин заты кошулган препараттарды ичип баңгизатына бар-жогун аныктаган тесттен өткөндө канда героин бар деп көрсөтүп коёт. Азыр формуласын өзгөртүп, көп дарылардан аны алып салып жатышат. Бирок мурдатан бери сактап келе жаткандар жакшылап карап туруп анан ичиш керектигин эскертээр элем", — деп түшүндүргөн Холодов.
Эксперт курамында алкоголь жана фенобарбитал бар дарыларды рулда жүргөн киши абайлап ичиши керектигин айтты. Маселен, фенобарбитал тест тапшырганда канда баңгизат бар деген жыйынтык берерин кошумчалады.
Унаада алкоголдук ичимдик ичип жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалууда
"Эң кооптуусу — корвалол. Көп учурда спирттин негизинде жасалат, эгерде жаңы эле аталган дарыны ичип алсаңыз, тест сизди мас жана баңгизат колдонгон деп чыгарып берет. Себеби курамындагы заттар анализден баңгизат сыяктуу жыйынтыкты көрсөтөт. Эгерде айдоочу корвалол ичсе, кайра рулга орто эсеп менен бир жумадан кийин отурушу керек. А негизи бул жүрөгү ооругандардын дарысы болгондуктан, автоунаа айдаш керекпи деген суроонун айланасында ойлонуш керек", — деди эксперт.
Ал кадимки квас менен кефир да ичпеген эле кишинин канынан мас деген жыйынтыкты чыгарып бериши мүмкүндүгүн, бирок бул айдоочулар үчүн тыюу салынган азыктардын деңгээлине жете электигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0