Бишкектин 36 көчөсү оңдоо үчүн жабылды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековРемонт улиц в Бишкеке
Ремонт улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Жол тыгын пайда болгон жерлерде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Айдоочуларга альтернативдүү жолдор менен жүрүү эскертилди.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Азыркы тапта Бишкек шаарынын 36 көчөсүндө жолдор кеңейтилип, асфальт төшөлүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан жабылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.
Милиция айдоочуларга барчу жерге альтернативдүү жолдор менен жүрүүнү эскертти.
Учурда жабылып турган көчөлөрдүн тизмеси:
  • Кулатов көчөсүнүн Кара-Көлдөн Фатьяновго чейинки бөлүгү;
  • Айбийке көчөсүнүн Гагаринден Эркин-Тоого чейинки бөлүгү;
  • Огонбаев көчөсүнүн Осмонкулдан Ибраимовго чейинки бөлүгү;
  • Фере көчөсүнүн Тоголок Молдодон Элебесовго чейинки бөлүгү;
  • Стадионная көчөсүнүн Түштүк магистралдан Абдрахмановго чейинки бөлүгү;
  • Будденный көчөсүнүн Чүйдөн Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;
  • Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Каралаевге чейинки бөлүгү;
  • Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Масалиевге чейинки бөлүгү;
  • Жолон көчөсүнүн Ашардан Алыкуловго чейинки бөлүгү;
  • Ажыбек Баатыр көчөсүнүн Манас проспектисинен Жунусалиевге чейинки бөлүгү;
  • Ташкентский көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
  • Сухе Батор көчөсүнүн Каралаевден 7-Апрелге чейинки бөлүгү;
  • Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Орозбековго чейинки бөлүгү;
  • Каркыра көчөсүнүн Өмүракуновдон Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Навая көчөсүнүн Ленинден Жеңишке чейинки бөлүгү;
  • Түгөлбай ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгү;
  • Логвиненко көчөсүнүн Фрунзеден Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;
  • Култегин көчөсүнүн Гидростроителден Энесай-20 көчөсүнө чейинки бөлугү;
  • Дордой-2 көчөсүнүн Объездной көчөсүнөн №4 көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесовдон Дзержинский көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Карасаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү;
  • Архитектор көчөсүнүн Набережнаядан Киргизия көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Дзержинский көчөсүнүн Баялиновдон Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;
  • Руставели көчөсүнүн Ажибек Баатырдан Гагаринге чейинки бөлүгү;
  • Матрасов көчөсүнүн Ахунбаевден Горькийге чейинки бөлүгү;
  • Шералиев көчөсүнүн Ахунбаевден Масалиевге чейинки бөлүгү;
  • Турусбеков көчөсүнүн БЧК көпүрөсүнөн өткөн жери;
  • Баба-Ата көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү;
  • Чортеков көчөсүнүн Жайыл Баатырдан Абрахмановго чейинки бөлүгү;
  • Гагарин көчөсүнүн Фрунзеден Ашар көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаевден Кулатовго чейинки бөлүгү;
  • Исакеев көчөсүнүн Ауэзовдон Валихановго чейинки бөлүгү;
  • Левоневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү;
  • Гражданская көчөсүнүн Курманжан даткадан Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгү;
  • Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0