Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКүндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Күндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Облустук ооруканада дарыланып жаткан 61 бейтаптын ичинен сегизинин абалы өтө оор болсо, 35и кычкылтек концентраторунун жардамы менен дем алып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда соңку аптада коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын саны өсүп, облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмү бейтаптарга толду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, коронавирус боюнча кырдаал облустук штабдын жыйынында талкууланган.
"Оорукананын 65 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер бөлүмүндө учурда 61 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен сегизинин абалы өтө оор болсо, 35и кычкылтек концентраторунун жардамы менен дем алууда. 348 адам үй шартында дарыланып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Соода борборуна кирип бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Оору жуктургандардын саны өскөндүктөн, Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларында жугуштуу илдеттер бөлүмдөрү ачылганы кошумчаланды. Ал жакта Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүрдүн тургундары дарыланып жатат.
"Жакында Сузак районунда да кабыл алуулар башталып, Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационарлар ачылат. Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков тийиштүү кызматтарга жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейддерди күчөтүү тапшырмасын берди", — деп жазылат билдирмеде.
Ызабеков коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн санын кыскартуу, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгын да эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0