Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный намаз в честь Курман айта в Бишкеке
Праздничный намаз в честь Курман айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Муфтият Курман айттын так датасы жана намазды аянттарда окууга чектөө коюлар-коюлбасы бир жума калганда айтылат деди.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, так дата бир жума калганда айтылат. Айт намазын аянттарда окууга чектөө коюлар-коюлбасы дагы ошондо чечилет.
Орозо айт быйыл 13-майда белгиленген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган. Курман айт адатта орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0