Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу

© AFP / PHILIPPE HUGUENЭнергияны үнөмдөөчү лампалар жана электр сайгычы. Иллюстративдик сүрөт
Энергияны үнөмдөөчү лампалар жана электр сайгычы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандыктар жылына 15 миллиардга чукул киловатт сарптайт. Ашыкча чыгымсыз электр кубатын кантип пайдаланууга болорун инженер айтып берди.
Бийлик быйылкы күз-кыш мезгили электрдин таңсыктыгынан улам катаал болорун эскертти. Калктын керектөөсүнүн өсүшү жана суунун тартыштыгынан улам электр аз өндүрүлүп, өкмөт чектөө чараларын көрүшү мүмкүн. Ошондуктан кыргызстандыктарды электр кубатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан электр кубатын үнөмдөө боюнча эксперт Салават Соронбаев менен баарлашып, сарамжалдоонун жана электр эсептерин 50 пайызга төмөндөтүүнүн жөнөкөй эле ыкмаларын сурадык.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектр кубатын үнөмдөө боюнча эксперт Салават Соронбаев
Инженер Программы финансирования устойчивой энергии KyrSEFF Салават Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Электр кубатын үнөмдөө боюнча эксперт Салават Соронбаев

Текке кетпесин!

Электрди керектөөнү төмөндөтүүнүн эң жөнөкөй жана жалпыга маалым жолу — бош бөлмө же колдонулбаган жайларда жарыкты өчүрүп коюу. Маселен, ашканага чыгып баратып 2-3 мүнөт жанып турса эмне болмок эле деген ой менен көбүнесе этибарга албайбыз. Мындай учурда кыймыл датчигин орнотууга болот. Жарык бөлмөдө бирөө-жарым болсо күйүп турат, чыгып кеткенде өчүп калат. Мындай ыкма сергип алчу бөлмө, кампа, буюмдар сакталчу чакан жайлар үчүн туура келет. Адамдар адатта булардын жарыгын өчүрүүнү унуткарышат эмеспи.
© SputnikЭлектрди керектөөнү төмөндөтүүнүн эң жөнөкөй жана жалпыга маалым жолу — бош бөлмө же колдонулбаган жайларда жарыкты өчүрүп коюу
Отключение электричества в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Электрди керектөөнү төмөндөтүүнүн эң жөнөкөй жана жалпыга маалым жолу — бош бөлмө же колдонулбаган жайларда жарыкты өчүрүп коюу

Жарыкты өчүрүп чык!

Эртең менен үйдөн чыгарда жарыкты өчүргөндү эстен чыгарабыз да, электр ишканасы эсепти жөнөткөндө анын көптүгүнө таңыркайбыз. Эгер жарык датчигин койдурсак, бир топ үнөмдөөр элек. Таң атканда жарык өзү өчөт, караңгы киргенде өзү күйөт. Бул короону, үйдүн сыртын жарыктандырууга абдан ыңгайлуу. Ушул ыкма менен электрди керектөөнү 40 пайызга төмөндөтүүгө болот.

Күн кубаттайт

Күн батареялуу светильниктерди орнотуу да жарыктандырууну үнөмдөөнүн бир ыкмасы экенин көңүлүңүзгө түйүңүз. Чындыгында алар бакча же жер тилкесинде жакшы жардам берет, батирде майнаптуу эмес.

Азыраагы жакшыраак

Лампа канчалык кубаттуу болсо, ошончолук жарык берерине көнүп алганбыз. Кадимки электр лампаларынын натыйжалуулугу болгону 5-8 пайызды түзөт, башкача айтканда, керектелген энергиянын ондон бир бөлүгү жарыктандырууга да кетпейт, лампа жөн гана абаны жылытат. Ошол себептен үйдөгү лампалардын баарын энергия үнөмдөөчү же жарык чыгаруучу диоддорго алмаштырыңыз. 10 ватт бул лампа деле 100 ватт кубаттуулуктагы кадимки түрүндөй эле жарык берет, башкача айтканда, жарыктандыруу үчүн 10 эсе аз төлөөгө болот.
© Фото / PexelsҮйдөгү лампалардын баарын энергия үнөмдөөчү же жарык чыгаруучу диоддорго алмаштырыңыз. 10 ватт бул лампа деле 100 ватт кубаттуулуктагы кадимки түрүндөй эле жарык берет, башкача айтканда, жарыктандыруу үчүн 10 эсе аз төлөөгө болот
Отключение электричества в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Үйдөгү лампалардын баарын энергия үнөмдөөчү же жарык чыгаруучу диоддорго алмаштырыңыз. 10 ватт бул лампа деле 100 ватт кубаттуулуктагы кадимки түрүндөй эле жарык берет, башкача айтканда, жарыктандыруу үчүн 10 эсе аз төлөөгө болот

Жасалгалоо да сарамжалдайт

Үйдүн туура жасалгаланышы бөлмөлөрдү жарыктандырууда үнөмдөөгө жол берет. Ачык түстөгү дубал жана эмеректер жарыктын 75 пайыздан ашуунун, ал эми күңүрт түстөгүлөрү 15 пайызын гана чагылдырат. Демек, жарык түстөгү бөлмөдө азыраак кубаттуулуктагы лампа пайдаланылат. Мындан тышкары, бөлмөнү бөлүктөргө бөлүп, жарыкты да бир бөлүккө гана тийгендей жайгаштырып алууга болот. Көлөмдүү бир люстранын ордуна майда лампаларды коюп, сизге бөлмөнүн дал ушул учурда гана зарыл бөлүгүндөгү, мисалы, иш столуңуз, керебетиңиз турган бурчтагы лампаны гана жандырыңыз. Ушундан улам бүгүнкү күндө жарык чыгаруучу диод жана ары-бери бурула турган светильниктерге суроо-талап күч.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАчык түстөгү дубал жана эмеректер жарыктын 75 пайыздан ашуунун, ал эми күңүрт түстөгүлөрү 15 пайызын гана чагылдырат. Демек, жарык түстөгү бөлмөдө азыраак кубаттуулуктагы лампа пайдаланылат
Церемония вручения квартир военнослужащим Министерства обороны и Пограничной службы ГКНБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ачык түстөгү дубал жана эмеректер жарыктын 75 пайыздан ашуунун, ал эми күңүрт түстөгүлөрү 15 пайызын гана чагылдырат. Демек, жарык түстөгү бөлмөдө азыраак кубаттуулуктагы лампа пайдаланылат

Тазалык — үнөмдөөнүн башаты

Лампа жана люстраларды чаң басып, чымын-чиркей кирип кетиши мүмкүн. Жарык берүүчү жабдууларды, ошондой эле терезелердин чаңын сүртүп, жууп туруу менен да электр кубатынын 30 пайызын сарамжалдоого болот. Ушул эле эреже суу жылытуучу жабдык жана кондиционерлерге да тиешелүү. Чаң жана кир жылуулукту кыйла төмөндөтөт.
Үйдүн жашоочулары балкондо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Кондиционер жок деп кейибеңиз! Үйдү салкындатуунун 11 ыкмасы
Чубалгыларды туура тандоо
Электрди пайдалануу көлөмү зымдарга да жараша болот. Алюминий зымда жез түрүнө караганда каршылык күчү жогору. Анан, албетте, алюминий чубалгылар туташтырылган үйдө электр кубаты көбүрөөк пайдаланылат. Бирок чубалгылар жайында болсо, анда аны жезге айырбаштоонун кажети жок, анткени мында сарамжалдуулук өтө деле көп эмес.

Муздаткычтан бургуга дейре

Кандай гана тиричилик техникасы болбосун, мейли муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машина, кичи толкундуу мештин баары электр кубатын көп жейт. Ошол себептен үйгө буюм сатып алууда электр кубатын аз сарптоочу класстагыларын тандаган оң. Адатта жабдыктын классы анын таңгагында A+++тан G белгисине чейин көрсөтүлөт. Эң үнөмдүүлөрү – А классындагылар. Эгер шартыңыз болсо, кадимки электр мешин индукциялык түрүнө алмаштырган дурус, анын натыйжалуулугу 95 пайызга жетет, демек, электрди бекерге коротпойсуз. Баса, меш жылысын деп күтүүнүн зарылдыгы жок.
© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКандай гана тиричилик техникасы болбосун, мейли муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машина, кичи толкундуу мештин баары электр кубатын көп жейт. Ошол себептен үйгө буюм сатып алууда электр кубатын аз сарптоочу класстагыларын тандаган оң. Адатта жабдыктын классы анын таңгагында A+++тан G белгисине чейин көрсөтүлөт. Эң үнөмдүүлөрү – А классындагылар
Сеть магазинов Эльдорадо провела ребрендинг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кандай гана тиричилик техникасы болбосун, мейли муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машина, кичи толкундуу мештин баары электр кубатын көп жейт. Ошол себептен үйгө буюм сатып алууда электр кубатын аз сарптоочу класстагыларын тандаган оң. Адатта жабдыктын классы анын таңгагында A+++тан G белгисине чейин көрсөтүлөт. Эң үнөмдүүлөрү – А классындагылар

"Өчүк" техника

Компьютер, телевизор же принтер өчүк турса да электр кубатын керектей турганын көпчүлүк биле бербесе керек. Эгер тигил же бул жабдык сизге дал ушул учурда керек болбосо, чубалгысын да сууруп койгон жакшы. Бул акылдуу телефон же башка гаджеттерди кубаттагычтарга да тиешелүү.

Туура пайдалануу үнөмдөөгө өбөлгө

Тиричилик техникасын туура пайдалануу абзел, себеби натуура колдонуу электрди керектөө көлөмүн кескин жогорулатат.
Муздаткычты жылуулук батареяларынын же жылыткычтардын жанына, ошондой эле шкаф же текчелер ортосуна кысып коюуга болбойт. Абанын начар айланышынан жабдык жакшы муздабай, энергияны көбүрөөк сарптап, тез да күйүп кетет.
Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Сууну убара тартпастан кантип үнөмдөө керек? 10 лайфхак
Ошондой эле ысык тамакты муздаткычка салуу зыян. Мезгил-мезгили менен муздаткычты эритип турган оң. Муздун калың катмары кээде анын туура эмес иштеп жана бачым бузулуп каларынан белги берет. Аркасындагы радиатордун чаңын улам тазалап туруу абзел, таза урунуу жылуулук алмашууну жакшыртат. Чаңдаган кондиционер да начар иштейт, ошондуктан анын радиаторун улам жууп туруу зарыл.
Кир жуугуч машинаны кир толук топтолгондо гана, анан да мүмкүн болсо эко же тез жуучу режиминде гана иштетүү керек. Ошону менен бирге 30 градуста кир жууганда энергия аз жумшалат. Машина канча килограммга ылайыкталса, ошончо гана кир салыңыз. Ашыкча салынса, электр чыгымын 10 пайызга дейре жогорулатат. Ушул эле эрежени идиш жуугуч машинаны колдонууда да сактаңыз.
Сууну электр меште ысыткандан көрө электр чайнегинде кайнатыңыз. Ушул учурда сизге канча керек болсо, ошончо гана өлчөмдө суу куюңуз. Ашыкча кайнатсаңыз электрди да ашыкча сарптайсыз. Тамак бышырууда мискей жана көмөч казандын капкагын жабыңыз, бул жылуулукту үч эсе көп сактайт, демек, электрди да сарамжалдоого болот.
Үтүк — электрди эң көп сарптаган буюмдардын бири, ошондуктан аны да майнаптуу пайдаланыңыз. Маселен, азыраак температураны талап кылган кийимдерди башкаларын бүтүрүп, үтүктү өчүргөн соң үтүктөңүз. Үтүктүн бетин таза кармап, кеберин да улам тазалоо кажет. Анткени ал үтүктү жакшы ысытпайт.
© Фото / Pixabay / Gentle07Үтүк — электрди эң көп сарптаган буюмдардын бири, ошондуктан аны да майнаптуу пайдаланыңыз
Глажка джинс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Үтүк — электрди эң көп сарптаган буюмдардын бири, ошондуктан аны да майнаптуу пайдаланыңыз
Жылыткычтар да электрди көп жейт, ошондуктан аларды туура пайдаланууга көңүл бурган жакшы. Май радиаторлору жылуулукту узагыраак сактайт, бирок көптө ысыйт. Ал эми конвектордук жана инфракызыл типтеги жылыткычтар бачым ысыганы менен бөлмөдөгү абаны кургатып же температураны тегиз бөлүштүрө албаган кемчиликтери бар. Ошол себептен ар бөлөк типтеги радиаторлорду сатып алып, зарылдыгына жараша, анан да аягына чейин бурабастан колдонгон оң. Башкача айтканда, тез сыртка чыксаңыз бөлмөнү конвектор менен жылытып, май куюлчу түрүн узак отура турган болсоңуз гана сайыңыз. Жылыткычтын ордуна кондиционерди (кыш-жай тибиндегилерде атайын режим бар) деле пайдаланыңыз. Бирок катуу сууктаганда кондиционерлер ылайыксыз. Ошондой эле саратанда кондиционерди жандырсаңыз бөлмө температурасында кармап, 18 градустан төмөн кылуунун зарылдыгы жок. Бул электр чыгымын да арттырат, ошондой эле ден соолукка да зыяндуу.
Суу ысытуучу жабдыктын акма түрү сарамжалдуу, бирок көп бүлөлүү үй-бүлө үчүн топтомо түрү майнаптуу. Анан да эң жакшысы, өтө жогору эмес температурада иштетсеңиз электр кубаты да бекер чыгым болбойт, күйгүзүп кетчүдөй ысык суу да акпайт. Албетте, бул жабдыкты да кеберден тазалап туруу абзел, антпесе ичи кебер баскан жылыткыч электр кубатын 15-20 пайызга көп чыгымдайт.
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Анан да эң жакшысы, өтө жогору эмес температурада иштетсеңиз электр кубаты да бекер чыгым болбойт, күйгүзүп кетчүдөй ысык суу да акпайт
Сдача в эксплуатацию нового инфекционного госпиталя на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Анан да эң жакшысы, өтө жогору эмес температурада иштетсеңиз электр кубаты да бекер чыгым болбойт, күйгүзүп кетчүдөй ысык суу да акпайт
Үйдү жылытып же салкындатууда электрди сарамжалдоо үчүн баарынан оболу аны жылуулап алган дурус. Жылуулук сыртка чыкпай, электр да адаттагыдан аз сарпталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0