Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам

© Фото / из личного архива Азата АкматоваКыргыз элинин дагы бир көрүнүктүү уулу, жазуучу, прозаик, саясатчы, коомдук ишмер Казат Акматов уулу Азим менен
Кыргыз элинин дагы бир көрүнүктүү уулу, жазуучу, прозаик, саясатчы, коомдук ишмер Казат Акматов уулу Азим менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Кыргыз элинин дагы бир көрүнүктүү уулу, жазуучу, прозаик, саясатчы, коомдук ишмер Казат Акматов көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Жазуучунун "Мезгил", "Архат", "Күндү айланган жылдар" романдары, "Мунабия" өңдүү повесттери элдин жүрөгүнөн орун тапкан.
Казат Акматов саясатта да бир катар иштерди жасап, айтылуу легендарлуу парламенттин түптөлүшүнө түздөн-түз салым кошкон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Казат Акматовдун уулу Азим Акматов менен жазуучунун өмүр таржымалы тууралуу баарлашты.
— Казат Акматовду легендарлуу парламенттин мүчөсү, мыкты адабиятчы катары сыпаттап келебиз. Сиз дагы кандай сыпаттама берер элеңиз?
— Массалык маалымат каражаттарында атамды Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган деп жазып жүрүшөт. Бирок өзүнүн атасы Турсуналы Жангазиев 1941-жылы согушка кетип жатып, үч бала менен калган кош бойлуу келинчегине "мен согуштан аман келе албайт окшойм. Кеткен кошуналардын баарына эле кара кагаз келип жатат. Келбей калсам, уул болсо атын Казат кой" деп керээз калтырыптыр. 1941-жылдын 23-декабрында атам жарык дүйнөгө келет. Бирок чоң атам Балыкчыда төрт ай кармалып калып, ошол кезде чоң энем атамды атка өңөрүп алып барып "мына уулдуу болдуң, керээзиңди аткарып атын Казат койдум" деп баласын көрсөтүп калган экен. Ал убакта ат менен Балыкчыдан кайра Темир айылына баруу бир топ алыс. Чоң энем кайра үйүнө жеткенче чоң атамдар фронтко жөнөп кетишет. 25 жылдан кийин билсек, чоң атабыз согушка киргенде эле Сталинграддын алдынан окко учуптур. Кара кагаз келгенде чоң энем 25 гана жашта экен. Балдарым ачкадан өлүп калат деп кооптонуп таятабыз Кулет ажыга барса ал "кызым, өзүң жаш болсоң, жалгыз бул балдардын жүгүн көтөрө албайсың. Балдарың бөөдө ачкадан өлүп калбасын, туугандарга таратып сал" дейт. Ошентип өзүнө Дамир деген улуу баласын алып калат да эки кызын айылдагы туугандарга тапшырат. Атамды Бостеридеги эң кичүү сиңдиси Бурулкан апабызга берет. Бурулкан апабыздын Акмат деген жолдошу да согушка кетип жатып "ай, Бурулкан, биздин эки эле кызыбыз бар. Уулдуу боло албадым. Туугандардан караштырып бир бала багып ал. Ага менин атымды бер, атым калсын" деп кетет. Ал да фронттон кайтпай калган. Ошону менен атам эки атанын керээзинен улам "Казат Акматов" деген ысымга ээ болот. Ал Темирде төрөлүп, Бостериде чоңойгон.
— Атаңыз бакма бала экенин качан билген экен?
— 16га чыккыча бул окуядан кабары жок болот. Эч ким айтпайт. Бирок мектепке жаңы барып баштаганда айылдагы бир кемпир "Казат, билесиңби, сен Акматтын баласы эмессиң, сени Бурулкан багып алган" деп ыйлатат. Ызаланган атам чуркап келип, Бурулкан чоң апабызга даттанса "сен анын жанына барба. Ал жезкемпир кичинекей балдарды ошентип кармап алып бышырып жейт" деп сооротуп коёт. Ошону менен атам деле унутуп ойноп кетет. Кийин шофер болууну самап Ананьево айылындагы курска жазылат. Анан балдар менен Бостериден Ананьевого велосипед менен баратып Темировкадан өз энесине жана Дамир абабызга жолугуп калып, энеси "мен сенин апаң болом" деп айтып коюптур.
Атам темирлик экенин ошондо анык билет. Бирок согуштан кийинки мезгил болгондуктан көп деле көңүл бурбай, туугандарын издеген эмес экен.
— Андан кийин борборго келип политехникалык институтка тапшырып, бирок "улутчул" делип айдалып кетиптир. Кандайча улутчул болуп жүрөт?
— Кийин окууга өтүү үчүн борборго келет. Алыскы туугандарынын бири институтта иштечү экен. Анын айтуусу менен окууга тапшырып, биринчи эле күнү жатаканага жайгаштырылат. Ошол убактагы орус комендант орус балдарга жакшы, күн тийген бөлмөлөрдү, жаңы керебет, матрастарды берип, атамдарга терезеси жок бөлмө, кыйчылдаган керебеттерди берип коёт. Атам ошол убакта эле демократиялык көз караштагы жигит болгон окшойт, кыргыз балдарды чогултуп барып, орус балдарга бөлүнгөн бөлмөнү ээлеп алышат да тигилер келгенде мушташып кетишет. Ал окуя ректоратка чейин жетип, иш Борбордук комитетке угулуп калбасын деп чочулаган ректор кыргыз балдардын баарын улутчул деп окуудан чыгарып салат. Ошентип айылга келсе Бурулкан чоң энебиз алма бактын түбүндө отурган болот. Ага окуудан айдалганын айтса "чөп чабылбай, алма терилбей жатса кайдагы окуу, ырас болуптур" деп сүйүнүптүр. Ошентип тоонун башынан сүт ташып бир жыл жылкы заводдо иштеп калат. Берген машинасы да бузук, аны жаш бала зым менен эптеп оңдоп коёт. Өрүүгө бир жарым саатта эптеп жетип, ылдый тормозу кармабаган машина менен 15 мүнөттө зуулдап түшүп, төгүп-чачып сүт ташып иштеп жүрөт. Ал кезде жаштыгы менен техника коопсуздугун деле билбейт, коркпоптур. Ошол жерден саанчылардын, колхозчулардын эмгегин чагылдырган макалаларды райондук гезитке чыгара баштайт. Жазгандары гезиттин редакторунун көзүнө көрүнүп, ал кишиге политехникалык институтка тапшырарын айтса, анысы журналистикага үндөйт. Ошентип Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, чынында орточо эле окуйт. Орусча сүйлөгөнүм менен жазганды билчү эмесмин дейт. Анан Александр Пушкиндин "Евгений Онегин" романын 12 жолу көчүрүп жазыптыр.
— 12 жолу?
— Ооба, биринчи жолу жазганда тамгаларын эле көрүп жаттым дейт. Экинчисинде сөздөрдү жаттап, анан саптарын, акырында чыгарманы бүт жаттап алыптыр.
— Жаш кезинде эле райкомдо иштеп, карьерасын эрте баштаган экен...
— Атам 4-курста окуп жүргөндө ошол кездеги Ысык-Көл райкомунун башчысы Алтымыш Мамыркалиев эки тилде сабаттуу жаза билген балдар керек деп университетке келип, беш-алты көлдүк баланы тандап алып кыргызча, орусча жат жазуу жаздыртат. Атама кошуп эки студентти жактырып, диплому жок эле Ысык-Көл райкомуна иштетип коёт. Каптагаевдин убагында кыйылып кеткен Чолпон-Атадан Бостериге чейинки легендарлуу аллеяны атам комсомолдору менен чогуу отургузуп, сугарып үч жыл аябай эмгектенген. Кийин ошол жерден өткөндө дайыма эстеп айтып берчү эле. Ошондо Хрущевдин буйругу менен биринчи катчылар жогорку жактан дайындалбай шайлоо системасы киргизилет. Атам шайлоого катышып, Первашов деген орус талапкерден озуп чыгат. Жогору жактагылар муну улутчулдук катары баалап, ар кандай тоскоолдуктар көп болгон экен. Атам да эптеп бир жыл иштегенден кийин армияга кетип калат. Кайра 1,5 жылдан кийин Фрунзеге келет. Ал кезде эки баланын атасы болуп, үй-бүлөсүн багууга сарсанаа болуп жүрсө бир күнү кечинде эшик тыкылдаптыр. Ачса эле аскер кийимчен экөө турат, алар кирип эле сураштыра баштаганда атам эми камалат турбаймынбы деп коркот. Бирок тиги КГБчылар "сиздин өмүр баяныңызды карап чыктык, бизге абдан туура келип турасыз. Капитан наамыңыз да бар экен. Армияга барып, комсомол да болгон экенсиз. Бизге келсеңиз дароо батир, майор наамын жана айлыгыңызды 200 рубль кылып беребиз" дешет. Ал убакта 200 рубль чоң акча эле. Апам экөө эмне кылсак деп отуруп калат. Кудай жалгап ошол кезде БКга да комсомолдо иштеп келген жаш кадр керек болуп калып, атам ал жакка кеткен. Негизи шаарга жазуучу болуу максатында келген. Борбордук комитетте 1974-жылдан 1983-жылга чейин иштейт. Бирок чыгармачылыгын да таштабайт. Чыгармалары чыга берет. Эң биринчи романы "Мезгил" орус тилинде чыккан. Анткени аны кыргызча чыгарбай коюшат.
© Фото / из личного архива Азата АкматоваАзим Акматов: "ата, апам менен жараш. Ушинтип жүрө бермек белеңер. Ортодо экөөңөргө тең тарта албай жаман болуп жатам" десем жарашпай койду. Мен да ага таарынып, үй-бүлөмдү алып үйдөн чыгып кеттим.
Сын народного писателя Кыргызской Республики Казата Акматова Азим Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Азим Акматов: "ата, апам менен жараш. Ушинтип жүрө бермек белеңер. Ортодо экөөңөргө тең тарта албай жаман болуп жатам" десем жарашпай койду. Мен да ага таарынып, үй-бүлөмдү алып үйдөн чыгып кеттим.
— Жазуучулар союзун кандайча башкарып калган?
— Кеңеш Кулматов СССРдин Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалат. Алгач бул кишини Кыргыз ССРнин башчылыгына чакырса баш тартып, ордуна Апсамат Масалиев келген экен. Анан Масалиев бир кезде чогуу куугунтук жеген Казат Акматовду БКнын башчылыгына чакырат. Атам ага "мен тогуз жыл убактымды ушул партиялык ишке жумшадым. Андан көрө мага Жазуучулар союзун бергиле, эски-уску соцреализмден арылтып, прогрессивдүү жолго салайын" дейт. Ошентип атам Жазуучулар союзуна биринчи катчы, ал эми төрагасы Чыңгыз Айтматов болот. Ошол кезде союзга жалаң жаштар келиптир. Чыңгыз Айтматов "балдар, мен калканч болуп берейин, силер иштегиле. Кагаздарга кол коюп берип, чыгармамды жаза берейин" дейт.
— Ал киши менен жакшы мамиледе болгон турбайбы?
Мурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Оорукананы айланып жүрүп эле көз жумганын интернеттен билдик. Каныбек Исаковдун бүлөсү
— Ооба, Айтматов атамды дайыма колдоп келген. Мамилеси абдан жакшы болчу. Ошол кезде Жазуучулар союзуна эч кандай наамы жок эле Асан Жакшылыков, Жолон Мамытов өңдүү жаш балдар келип катуу иштей башташат. Алар "төңкөрүш" кылабыз деп Аалы Токомбаевди да Жазуучулар союзунан чыгара турган болгондо Айтматов "койгула балдар, анчалык катуу кеткен болбойт. Булар да кыргыздын чыгаан жазуучулары, дароо эле баарын каңтарып салбагыла" деп токтотуп коёт. Андан кийин "Манас" эпосу боюнча Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун чабышы башталат. Токомбаев "Манас" эпосун "элге каршы, тиреш жерлери бар экен" деп чыгат. Аны колдогондор да, каршы чыккандар да болот. Ачык каршы жооп бергендердин бири Айтматов болгон.
© Фото / из личного архива Азата АкматоваАзим Акматов: Айтматов атамды дайыма колдоп келген. Мамилеси абдан жакшы болчу.
Народный писатель Кыргызской Республики Казат Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Азим Акматов: Айтматов атамды дайыма колдоп келген. Мамилеси абдан жакшы болчу.
— Эми муну тарых өз ордуна коюп, баасын берсе керек. Казат Акматовдун үй-бүлөлүк жашоосуна кайрылсак...
— Ошол кезде партиядагылар ажырашып же аялын таштап кетсе партиядан чыгып калышчу. Атам КДКны ("Кыргызстан" демократиялык кыймылы) чогултуп, коммунисттерди жеңип чыкканда 350 депутаттан турган легендарлуу парламент куралган. Алардын эки жүзү партократтар, 111 депутат гана демократияга барабыз дешкен. Легендарлуу парламентти жараткан мына ушул 111 эле эл өкүлү болгон. Акыры жүрүп партиялар жоюлганда ажыраша албай жүргөндүн баары ажырашып, экинчи ирет үйлөнүштү. Атам да апамдан кетип калды. Ошол себептен да атамды үлгүлүү ата болгон деп айта албайм. Бирок ал экинчи аялга кеткен жок. Ал кезде мен да үйлөнүп, балалуу болуп өзүмчө жашап калгам. Атам меникине келди. Биз менен 1,5 жыл чогуу жашады. Акыры "ата, апам менен жараш. Ушинтип жүрө бермек белеңер. Ортодо экөөңөргө тең тарта албай жаман болуп жатам" десем жарашпай койду. Мен да ага таарынып, үй-бүлөмдү алып үйдөн чыгып кеттим. Ал кезде 25 жашта болчумун. Чындыгында атама абдан таарынып калдым, үч жыл катташпай жүрдүк. Бирок ата-бала болгондон кийин кол үзүшө албайт экенсиң. Үч жылдан соң барсам үйлөнүптүр. Жубайы медик. Ал киши да абдан жакшы адам. Ортосунда Мунабия деген кыз төрөлдү. 17 жашына чейин кызын укмуш бөпөлөп өстүрдү. Биз юбилейине тасма тартканда да бир жеринде "ушул кызым турмушка чыкса "күч күйөө дебей эле балаңарды биздин үйдө жашаткыла. Эми канча жашаарым калды дейсиңер" деп кудаларга айтып, кызым үчүн салтты да бузат элем" деп айтыптыр. Тилекке каршы, Мунабия кызыбыз 17 жашында жол кырсыгынан каза болуп калды. Атам ошондон эки жыл өтпөй эле күйүттөн кетти. Ага чейин жакшы эле болчу, бирок кызын жоготкон соң күйүп кетти, жанындай көрчү. Быйыл атамдын кеткенине алты жыл болот. Мен ушул аралыкта атамдын баркын билип, ага абдан жакындадым. Тирүүсүндө барктабайт экенбиз. Азыр атасы бар балдарга атаңарды көзүнүн тирүүсүндө кадырлап, жакын болгула деп айтар элем.
— Казат Акматовдун "Мунабия" деген жакшы чыгармасы бар. Бул китеп менен карындашыңыздын кандай байланышы бар? Деги эле Мунабия деген ысымдын мааниси эмне?
Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Төлөгөн Касымбековду коркутуп, КГБны аңдыткан. Салижан Жигитовдун кызынын маеги
— Албетте, бар. Бирок ал прозаикалык байланыш. Атам аны 1981-жылы жазган. Аңгемеде үч сюжет камтылат. Биринчиси — кыргыз кол өнөрчүлүгү, экинчисинде ата-бала мамилеси. Ал эми үчүнчүсүндө кары кишилердин сүйүүсү берилет. Компартиянын бюросу каармандардын сүйүүсүн сынга алып, повестти убагында чыгартпай коёт. Бул атама катуу тиет. Ал кезде деле бийликтин сөзүн сүйлөгөн кошоматчылар бар эле. Алар атамды тепкилеп эле жатып калышкан. Ошону менен чыгарма кийин 1986-жылы эч өгөртүүсүз жарык көрдү. Ошол кезде "Учур" театры жаңы түптөлүп, Жамал Сейдакматова алгач ирет "Мунабия" чыгармасын сахналаштырып алып чыккан. Ошону менен эл Мунабияны проза эмес, алгач спектакль катары тааныды. Атам ушул чыгармасы менен көп кыйынчылык көрсө да абдан жакшы көрчү. 1995-жылы төрөлгөн кызына да ушул ысымды ыйгарган. Кызына эмне себептен так ушул атты койгондугун атамдан сурап калгам. Анткени чыгармаларында башка да көптөгөн кыздардын аттары бар болчу. Бул аңгемесинин реалдуу прототиптери болгон. "Кичинекей кезимде Мунабия деген жалгыз бой, балдары жок, аябай сулуу аял бар болчу. Ошол кезде ал бизге кемпир көрүнчү. Азыр ойлоп көрсөм, 35-40 жаштын тегерегиндеги аял экен. Күйөөсү согушка кетип кайтпай калган. Жолдошун ушунчалык сүйгөндүктөн турмушка чыккан эмес. Турмуштан кордук көргөн аялды биз ансайын кордочубуз. Таш ыргытчубуз. Жеңелерибиз бизди тукуруп "бар, тетигини минткиле, ошо Жанузакты бузуп жүрөт" деген сөздөр эсимде калыптыр. Мунабия деген ат эмнени түшүндүрөрүн ушу кезге чейин билбейм. Бирок кордосок деле мен Мунабияны жакшы көрчүмүн. Ошол ысымды аңгемеме да, кийин кызыма да койдум" деп айтып берген.
— Атаңыздын эсиңизде калган акыркы сөзү кандай болду?
— Эми адам баласы өтүп кетем деп эч качан ойлобойт экен. Бир жолу атам экөөбүз Көлгө баратып 1916-жылдагы Үркүнгө арнап салынган Боом капчыгайындагы эстеликтен токтодук. Атам "жүрү барып таш коюп келебиз" деди, ошондой ырым карманчу. Экөөбүз эстеликке бирден таш койдук, анан атам "эгер мен Нобель сыйлыгын алып калсам, сый акыма ушул эстеликти башкача жасайт элем. Эгер көзүм өтүп кетсе, сен бир жакшы акча таап калсаң, бул эстеликти жакшылап жаса. Керек болсо мага деле эстелик койбой эле кой. Бул жука калайдан жасалып калгандыктан шамалда калдырайт. Дат басты. 1916-жылдын окуяларын унутпай жарыялап, тарыхчы катары элге жеткиришиң керек" деген. Ал кезде Үркүн тууралуу көп айтылчу эмес. Негизи атамдын чоң атасы Үркүндө каза болгон. Өзүнүн атасы тогуз жашында айылына кайтып келип, жетим өсүптүр. Ошол кишилерди эстетчү беле, айтор, Үркүнгө башкача мамиле жасачу.
Жаңылыктар түрмөгү
0