Жүрөктү түшүрөт! Бишкек — Ош жолунда фура жеңил унааны коюп кете жаздаган видео

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан фура. Архив
Жолдо бараткан фура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Видеодон жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыга калганын, ал коюп кете жаздаган жеңил унаадагы жүргүнчүлөр коркуп кеткенин байкоого болот.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жүк ташуучу автоунаа жеңил унааны коюп кете жаздады.
Жүрөк үшүн алган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды. Анда окуя 11-июнь күнү саат 17:00дө болгону жазылат.
Видеодон жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыга калганын, аны көргөн жеңил унаадагылар коркуп кеткенин байкоого болот. Видеонун автору ИИМге айдоочуну таап, жазасын берүүнү өтүнгөн.
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов Sputnik агенттигине окуя көзөмөлгө алынганын жана такталып жатканын билдирди. Толук маалымат кийинчерээк берилери убадаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0