9 киши каза таап, 600дөн ашыгы оор абалда жатат. COVID статистикасы

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан тогуз бейтап көз жумган. Анын бешөө Бишкекте, экиден киши Ысык-Көл менен Чүй облустарында катталды.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 558 кишиден катталып, 319 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 231;
  • Ош шаары – 77;
  • Чүй облусу – 57;
  • Ош облусу – 78;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 23.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 110 370ке жетти. Анын ичинен 102 633ү дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 178;
  • Ош шаары – 18;
  • Чүй облусу – 66;
  • Ош облусу – 17;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 19;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 3.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:
  • Бишкек шаары – 4;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош шаары – 8;
  • Ош облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан тогуз бейтап көз жумган. Анын бешөө Бишкекте, экиден киши Ысык-Көл менен Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 890 адамдын өмүрүн алды.
Стационарларда 1 976 адам дарыланып жатат. Алардын 579у оор абалда болсо, 85 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0